Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Ишсиз калбайсың! Кыргызстанда тартыш болуп жаткан үч адистик

© Sputnik / Табылды КадырбековТигүү цехтин кызматкери. Архив
Тигүү цехтин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Алканова өлкөдө кайсы адис ээлери тартыш болуп жатканын айтты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстанда бир катар адистиктердин, өзгөчө тигүүчүлөр менен куруучулардын жетишсиздиги байкалып жатат.

Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Алканова билдирди. Ага кайсы адистиктердин жетишсиздиги өзгөчө байкалып жатканы боюнча суроо узатылган.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Алканова
Ишсиз калбайсың! Кыргызстанда тартыш болуп жаткан үч адистик - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Алканова
"Мисалы, курулуш бизнесинде газ жана электр ширетүүчүлөр абдан керек. Тигүүчүлөр жетиштүү көлөмдө окутулганы менен бардык жерде тартыш болуп жатканын көрүүгө болот", — деди Алканова.

Ал ошондой эле IT-адистерине талап күч экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0