18:04 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Коом
Кыскача шилтеме алуу
191610

Союз учурунда республика аймагында фармакология үчүн апийим, өндүрүш үчүн кара куурай өстүрүлгөн. Мындан улам өлкөдө баңгизат менен шугулдангандардын саны өсүп, кылмыштуулук күч алып, баңгичилер да көбөйгөн.

Ал кездеги оор абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине баңги саясаты боюнча Борбордук Азия борборунун директору, милициянын полковниги Александр Зеличенко маек курду.

— Кыргыз ССРинде 1974-жылдан тарда апийим өстүрүүгө тыюу салынганын билебиз. Сиз ички иштер органына киргенде ага байланыштуу кылмыштар көп беле?

— Мен милицияга 1978-жылы кирдим. Негизи бул тармакты мектепте окуп жүргөндө эле изилдей баштагам. Себеби атам милициянын отставкадагы полковниги, узак убакыт ички иштер органдарында иштеп, баңгизат боюнча терең иш алып барган. Анын укмуш окуяларын кичинекей кезимен угуп кызыгуум арткан. Кийин Карагандадагы милициянын жогорку мектебинде билим алып, архивдик документтерди, китептерди өз алдымча окуп, баш-отум менен кирип кеттим. Кызматка киргенде бара-бара тажрыйба топтоп, өз ишимди мыкты билип калдым. Жумушка алынганда республика аймагында апийим өстүрүлбөй калганына төрт жыл болуп калган, бирок ага байланыштуу кылмыштар катталып турчу. Атамдын айтымында, ага чейин талаада түшүм уурдоонун жолдору абдан көп болчу. Мисалы, эртең менен апийим кырганы талаага чыккандар мышык же күчүк ала келишчү. Анан курсагына кагазга оролгон апийимди байлап коё беришчү. Алар көнгөндөй эле үйгө жөнөчү. Жыныстык мүчөгө, ич кийимге, баланын жалаягына катып, айрымдары бир нерсеге ороп жутуп алышчу. Талаада иштеп жүргөндө чогултулган апийимдин бир бөлүгүн айнек, темир банкага салып жерге көмүп коюшчу. Кар түшүп, талаада киши жок кеч күздө же кышында келип, издеп таап алып кетишчү. Ар кыл эсептөөлөр боюнча союз учурунда түшүмдүн төрттөн бир бөлүгү уурдалып кетчү экен. Негизинен алар мыйзамсыз СССРдин булуң-бурчуна тарап кетчү.

Люди во время работы на полях опийного мака. Архивное фото
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Кыргыз ССРинин аймагында 1974-жылга чейин апийим өстүрүлүп келген

— Апийимди мыйзамсыз жүгүртүүгө жергиликтүү тургундар, кылмыштуу топтор аралашса керек?

— Ооба. Аны сатып алууга, кайра сатууга көпчүлүк дааган эмес, сөзсүз уюшкан кылмыштуу топтор аралашкан. Жергиликтүүлөрдөн сатып алгандан баштап, ташып өтүү, чек арадан өткөрүү өңдүү бардык иштерди уюшкандыкта жасашчу. Апийимдин көпчүлүгү Ысык-Көлдө жана анча көп эмес аянтта Талас, Нарын, Чүй облустарында өстүрүлгөн. Башыман өткөн бир окуяны айтып берейин. 1980-жылдардын соңунда Таласка которулуп барып Казакстандын Жамбыл облусунан келген уюшкан кылмыштуу топту колго түшүргөнбүз. Алар коңшу республикадан батирлерди тоноп, чогулткан акча, зер буюмдарды Таласка алып келип апийимге алмашчу экен. Андан соң үй таап алып элге көрүнбөй аны сайынып жатышчу. Баңгизат түгөнгөндөн кийин Казакстандын башка райондорунда талап-тоноочулук кылып кайра Кыргызстанга келишчү. Бир жолу алардын кайра Таласка келгени боюнча ыкчам маалымат түштү. Биз таң эрте жашаган жерине кирип барып, тогуз адамды кармаганбыз. Алардын бардыгы тең сайынып алып эч нерсе сезбей жатышыптыр. Жашаган жери кир, чачык, тамак-аштары ирип-чирип кетиптир. Бир маалда жерде жаткан чүпүрөк кыймылдап кетти. Мышык экен деп бутум менен жылдырсам кичинекей кыз эс-учу жок дырдай жылаңач жатат. Кесиптештериме Тез жардам чакыргыла десем талмасы кармап калды. Колго түшкөн топтун башчысы кызга апийим сайыш керек, антпесе ал өлүп калат деп калды. Мен ага "жиндисиңби, кичинекей кызга кантип саймак элек" дедим. Бир маалда карасам денеси көгөрө баштады. Ошондо гана апийим сайганга уруксат бердим. Кыздын ийне сайганга веналары калбай калыптыр. Берки шектүү байкаштырып жоон санына сайып, беш мүнөттөн кийин кыз эсине келди. Көрсө, ал 15 жашта экен, баңгизат колдонгондуктан мага тогуз жаштагыдай көрүнүптүр. Апасы каза болуп, атасы камалып кетиптир. Баңгизатка көз каранды неме ал топтун тамак-ашын жасап, кийим-кечесин жууп апийим алчу экен.

Писатель из Кыргызстана Александр Зеличенко. Архивное фото
© Фото / предоставлено Жибек Бейшеналиевой
Баңги саясаты боюнча Борбордук Азиядагы борбордун директору, милициянын полковниги Александр Зеличенко

— Кыргызстанда өстүрүлгөн апийим, кара куурай жаштарга деле өз таасирин тийгизчү экен да. Өсүп келе жаткан муун баңгизатка байланыштуу мыйзамсыз иштерге көп аралашчу беле?

— Кичинекей балдар, аялдар да бар болчу. Анын айынан адам өлтүрүү, талап-тоноочулук өңдүү көп оор кылмыштар жасалчу. 1980-жылдардын аягында Ысык-Көлгө кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги болуп баргам. Ал кезде ички иштер органдарына бирөөнү жумушка алуу үчүн тууган-туушкандарын катуу изилдечүбүз. Бош орунга талапкер болуп келгендерди текшере келгенде эле апийим менен атасы, байкеси, жездеси же кудасы соттолгон болуп чыкчу. Милицияга иштөөгө ылайыктуу жаштарды табуу өтө кыйын болуп калган.

Ал эми кара куурай жөнүндө сөз кылсам, союз учурунда жаштарды аскерге чакыруу үчүн да текшерүүдөн өткөргөндө биз сөзсүз катышчубуз. Анткени аларды ракеталык бөлүмгө же стратегиялык объектилерди коргоого алып калышы мүмкүн эле. Алдын ала тизме берилчү, биз ар биринин ата-энесин, жакындарын текшерип, соттолгон-соттолбогонун текшерип чыкчубуз, кайсы аскердик бөлүккө жиберүүгө боло турганын сунуштачубуз. Ал жылдары жаштар арасында жеңил наркотикалык заттарды колдонуу кеңири тарап кеткен. Нашаа чегип, ага көз каранды болгон өспүрүмдөрдү кездештирдим. Комиссияда аскерге чакырылып жаткан балдарга жөнөкөй эле суроолорду берсең мыңкылдап жооп бере албай эки-үч мүнөт отурчу. Андайларды биз "торпок" деп койчубуз, бери дегенде беш жыл нашаа чеккендер. Мен өзүмдүн тажрыйбама таянып айтайын, жаштайынан баңгизаттын даамын татып, ага көнүп алуу өтө коркунучтуу. Генофонд начарлайт, оор түрүнө тез көнүп кетет. Андан сырткары, коомдо толгон-токой көйгөйлөр пайда болот.

Мужчина во время работы на полях конопли. Архивное фото
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Кыргызстанда кара куурай өндүрүштүк багытта өстүрүлүп, ар кыл тармакта колдонулган

— Түшүм жыйноо маалында жардам башка союздук республикадан милиционерлердин чакыртылганын да угуп жүрөбүз. Ошол чынбы?

— Ооба. Июль, август айында жана сентябрдын ортосуна чейин түшүм жыйноо болчу. Ошондо бүт союздук республикалардан милиция кызматкерлери, курсанттар, кинологдор келчү. Чоң жолдо атайын тосмолор орнотулуп, милиция күнү-түнү иштечү. Иш катуу жүрчү, атайын бөлүм бар эле. Кыргызстандык укук коргоо кызматкерлери башка республикалардагы кесиптештери менен тыгыз иштешип маалымат алмашып турчу. Милиционерлер кылмыштуу топторго аралашып, алардан маалымат чогултуп, эл аралык кылмыштуу уюмдардын былыктарын ачыктаган. Анткени апийим канчалык көп уурдалса, мамлекет ошончо зыянга учурачу. Ошондой эле апийимдин айланасында укмуш акчалар айланган, Ысык-Көлгө жайкысын эс алымыш болуп ортомчулар агылган. Жергиликтүү бийликте коррупция да болгон, жогорку кызматтагы мамлекеттик кызматкерлер, маданият өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери апийим иштерине аралашып кылмыш жоопкерчилигине тартылган фактылар да болбой койчу эмес.

— Кыргызстанда апийим өстүрүүгө тыюу салгандан кийин деле аны өстүрүп, жан баккандар болду беле?

— Мен иштеп жүргөн жылдары апийим өстүрүү токтотулганына карабай кокту-колотто өстүргөндөрдү, аны саткандарды колго түшүргөн фактылар болуп турчу. 1987-жылы Жети-Өгүз районунун Саруу айылында апийимди алып-сатып иштейт деген кишини, анын келинчегин жана кичинекей үч баласын түндө өз үйүндө атып өлтүрүп кетишкен. Үйүнө кирсем башка ок жеген кичинекей балдар көздөрү ачык, ата-энеси да ошол эле бөлмөдө жансыз жатат. Ал кылмыш ишин ачуу үчүн республикадагы күчтүү тергөөчүлөр чогулуп атайын топ түзүлүп, түбү ошол айылдан чыккан милиционерлерди кичи мекенине алып келип, колуна аракка тыйын берип эл аралап маалымат тапкыла дегенбиз. Тергөөдө анын аркасы менен толтура башка кылмыштардын бети ачылган. Катылып жаткан эски алтын тыйындарды, ири көлөмдөгү апийимди таап чыгып мамлекетке өткөрүп бергенбиз. Жергиликтүүлөр мыйзамсыз колдонуп жүргөн курал-жарактарды чогултканда бир жүк ташуучу автоунаа толуп калган. Аны жүктөп Фрунзедеги лабораторияга текшерүүгө жөнөткөнбүз. Ошончо күчтүү адистер чогулуп иликтесек дагы ошол трагедиялуу иштин аягына чыккан эмеспиз.

— Сиздин оюңузча, Кыргыз ССРинде 1974-жылы апийим өстүрүү токтотулбаганда азыр абал кандай болмок?

— Өтө начар болмок. Анткени акчанын азгырыгынан баш тартуу оңой эмес. Акыркы жылдары бийликтеги айрым аткаминерлер өлкө экономикалык жактан кыйналганда эле апийим өстүрүү керек экендигин айтып чыгышат. 90-жылдары ал демилгени колдоп, алдыга сүрөгөндөр да болгон. Аларга мен болгон коркунучтарды түшүндүрүп берүүгө аракет кылчумун. Себеби баңгичиликке эч бир этнос, улут, ишеним, дин каршы тура албайт. Мына Афганистанда канчалаган адам мусулманчылыкты карманса да 2,5 миллиондой наркоман бар. Алар кезектеги дозасын издеп Кабул шаарынын чок ортосуна базарга чогулгандай эле топтошуп алышат. Полиция кармап кетип, ооруканаларга жаткырат. Бирок алар кайра эле качып келип алышат. Афганистандыктар арасында ВИЧ/СПИД менен ооругандар да толтура. Натыйжада өлкө аймагында кошумча толгон-токой социалдык көйгөйлөр жаралган.

Ситуация в городе Ош
© Sputnik / Андрей Стенин
Кыргызстандык укук коргоо кызматкерлери колго түшүргөн ири көлөмдөгү баңги зат

— Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин да апийим өстүрүүнү жандандырууну демилгелегендер жөнүндө да кеп козгой кеттиңиз. Ошол жылдары баңгизат сатууга каршы күрөшүү иштери кандай жүргөн?

— 90-жылдары апийимди өстүрүүнү жандандыруу маселеси көтөрүлө баштаганда эле кээ бир адамдар Ысык-Көлдө жерлерди, турак жайларды сатып ала баштаган. Мен азыр алардын аттарын атабай эле коёюн. Бизде атайын мекемелер аралык комиссия түзүлүп, кызыл чеке болуп талашып-тартышып, маселени катуу изилдегенбиз. Жадагалса, союз маалында уурдалып кеткен жарым тонна апийимдин уругун Ленинград шаарынан таап чыкканбыз. Апийим өстүрүү бизге саясий да, экономикалык жактан да эч пайдасы жок болчу. Ошонун баарын бийликтегилерге далилдеп отуруп эптеп токтотуп калганбыз. Өлкө көз карандысыздык алып, социалдык-экономикалык абал начар эле. Биз анда чоң операцияларды өткөрүп, ири көлөмдөгү баңгизатты колго түшүргөнбүз. Бир жолу Кыргызстандан гуманитардык жардам катары жүк ташуучу унаага жүктөлүп Кавказга кетип бара жаткан жүктү кармап, ичинен эки тонна марихуана таап чыкканбыз. Кийин Афганистандан апийим, героин агылып Ош, Бадахшан аркылуу алып өтүү күчөгөн. Ошол жылдары союз маалында топтолгон тажрыйба менен агымды көзөмөлдөп тура алганбыз.

Тема боюнча

Өлгөн бөбөктүн ичине апийим катып өтүп... Кыргызстанда апийим кантип өстүрүлгөн
Генерал болсом дейм. "Шумкар" отрядында иштеген каратист Күмүшайдын маеги
Кызы да, эркеги да ким менен жатып-турганын билбейт! Жаштар арасында жайылган ВИЧ
Абакта бала өлтүргөн аялдарга мамиле башкача... Зумрад Жанабаеванын маеги
Белгилер:
Кыргызстан, Александр Зеличенко, апийим, кылмыш, маек

ЭҢ МААНИЛҮҮ