Дарыгер смартфон аркылуу кандай кооптуу оорулар жугарын айтып берди

© Sputnik / Роман Демьяненко / Медиабанкка өтүүГүлдөрдү сүрөткө тартып жаткан кыз. Архив
Гүлдөрдү сүрөткө тартып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Жазылуу
Телефондун бетиндеги бактериялар тери жана ичеги-карын инфекциясын пайда кылып, пневмония, менингит сыяктуу ооруларды алып келиши мүмкүн. Андыктан суткасына жок дегенде бир ирет смартфонду тазалап, сүртүп туруу керек.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кадимки сматрфон кооптуу ооруларды таратуучу негизги булактардын бири. Бул тууралуу инфекционист Наталья Очинскаяга шилтеме берип "Прайм" агенттиги жазды.

Муну билиш үчүн адистер гаджеттердин бетин сүргөн салфеткаларды текшерип көрүшкөн.

"Изилдөөнүн алкагында 30 кишинин телефону текшерилген. Бетин сүргөн салфетканы текшере келгенде андагы бактериялар унитаздын четиндеги бактерияларга караганда 18 эсе көп болору аныкталды", — деп айтылат кабарда.

Адистин пикиринде, бул бактериялар тери жана ичеги-карын инфекциясын пайда кылып, пневмония, менингит сыяктуу ооруларды алып келиши мүмкүн. Андыктан суткасына жок дегенде бир ирет смартфонду тазалап, сүртүп туруу керек.

Буга бактерияга каршы салфеткалар, спирт, колго сепчү антисептикалык же гаджетти дезинфекциялай турган атайын каражаттар жардам берет. Бирок алар телефондун ичине кирип кетпеш үчүн кылдат болуу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0