19:38 09 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR96.0093
  • RUB1.1521
Коом
Кыскача шилтеме алуу
114 0 0

Мэрия үч көчө оңдолуп, айдоочулар үчүн ачылганын белгилеп, дагы 13 көчө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы ордо калаадагы үч көчөнү оңдоп бүттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • В Бишкеке завершены ремонтные работы на трех улицах
    "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы ордо калаадагы үч көчөнү оңдоп бүттү
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке завершены ремонтные работы на трех улицах
    Билдирмеге караганда, жасалган жолдун бардыгына белгилер орнотулуп, тротуарлар салынган
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке завершены ремонтные работы на трех улицах
    Леваневский көчөсүнүн Лев Толстойдон Асаналиевге чейинки бөлүгү, тагыраагы, 780 метр жер оңдолуп, ачылды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке завершены ремонтные работы на трех улицах
    Васильев көчөсүнүн Манас проспектинен Түлөбердиев көчөсүнө чейинки бөлүгү да жасалып бүттү
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке завершены ремонтные работы на трех улицах
    Васильев көчөсүнүн бир жагына гана тротуар салынганы айтылып, жол белгилери орнотулганы кошумчаланды.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 5
© пресс-служба мэрии города Бишкек
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы ордо калаадагы үч көчөнү оңдоп бүттү

Билдирмеге караганда, жасалган жолдун бардыгына белгилер орнотулуп, тротуарлар салынган.

"Леваневский көчөсүнүн Лев Толстойдон Асаналиевге чейинки бөлүгү, тагыраагы, 780 метр жер оңдолуп, ачылды. Мындан сырткары, айдоочулар эми Пишпек көчөсүнүн Дэн Сяопинден Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү менен жүрө алышат. Оңдолгондон кийин бул жолдун туурасы кеңейип, эки жагына тең жөө адамдар баса турган тротуарлар салынды. Васильев көчөсүнүн Манас проспектинен Түлөбердиев көчөсүнө чейинки бөлүгү да жасалып бүттү", — деп айтылат маалыматта.

Васильев көчөсүнүн бир жагына гана тротуар салынганы айтылып, жол белгилери орнотулганы кошумчаланды. Ишкананын учурда дагы 13 көчөнү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатканы маалым болду.

Тема боюнча

Бишкекте бир нече көчө оңдоо үчүн жабылат. Тизме
Белгилер:
Бишкек мэриясы, көчө, жол оңдоо, айдоочу, белги

ЭҢ МААНИЛҮҮ