05:26 20 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Коом
Кыскача шилтеме алуу
128 0 0

Президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын февраль айындагы жарлыгы менен медиктердин айлык акысы 50 пайызга жогорулаган.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Өкмөт медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү үчүн кошумча 1 миллиард 612 миң сом бөлдү. Анын ичинен 333 миллион 265,2 миң сому июль айындагы маянага кошулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-июлдан тарта дарыгер жана башка медициналык персоналдын айлыгы 50 пайызга көтөрүлдү. Ал эми техникалык кызматтарды көрсөткөн кенже персоналдын айлыгынын негизги бөлүгүнө 1,4 коэффициент белгиленди.

"Ошондо кошумчадан кийин орточо айлык мындай болуп калды: дарыгерлер —12 897 сом (мурда 8 598 сом болчу), орто медициналык персонал — 11 739 сом (мурда 7 826 сом болчу), техникалык кызмат көрсөткөн кенже персонал 9 989 сом (мурда 6 659 сом болчу) алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын февраль айындагы жарлыгы менен медиктердин айлык акысы 50 пайызга жогорулаган.

Тема боюнча

КРде кургак учукту үй шартында дарылаган медиктерге кошумча акы төлөнөт
Белгилер:
Кыргызстан, дарыгер, айлык-акы, медик

ЭҢ МААНИЛҮҮ