Шейшембиге карата аба ырайы

© AFP / SPENCER PLATTКыз кол чатыр менен жаан учурунда. Архив
Кыз кол чатыр менен жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
2-августтан 4-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. 3-августта өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Таласта +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +21...+26, ал эми Нарын жергесинде +24...+29 градус ысык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Күндүн табы Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +35...+37, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0