Министр: автоинспекторлор үч смен менен иштейт

© Sputnik / Жоомарт УраимовПатрулдук милиция кызматкерлери. Архив
Патрулдук милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Министр ИИМдин ЖКККББсы менен Чүй облустук ЖККБнын ишин катуу сынга алып, адамдардын өмүрүнө кайдыгер мамиле жасаган кызматкерлерге кылмыш ишин дагы козгоо керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери үч смен менен иштешет. Мындай тапшырманы ички иштер министри Улан Ниязбеков берди.

Эске салсак, бүгүн, 23-июль күнү, президент жайкы туристтик сезондо мас айдоочуларды аныктоо чараларын күчөтүүнү тапшырган. Мындан улам Ниязбеков ыкчам жыйын курганын министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Министр ИИМдин ЖКККББсы менен Чүй облустук ЖККБнын ишин катуу сынга алып, адамдардын өмүрүнө кайдыгер мамиле жасаган кызматкерлерди иштен гана бошотпостон аларга карата кылмыш ишин дагы козгоо керектигин белгилеген.

"Бүгүндөн тарта үч смен менен иштейсиңер. Жол участкаларын бөлүп, ар бирин жеке бир кызматкерге бекиткиле. Кире бериш менен чыга бериште жана ар бир айылдын борборунда кызматкерлер жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөшү керек. ИИМдин ЖКККББсы толук курамда жолго чыгышы кажет", — деди Ниязбеков.

Пресс-секретарь Управления патрульной службы милиции Байказы Айтикул уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Радио
Айтикул уулу: алты айда айдоочуларга 214 миллион сомдук айып салынды
Ошондой эле ал жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жолдорду жарыктандыруу тапшырмасын берди.

"Туристтерге сылык мамиле жасоону жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү талап кылам. Бирок алардын арасында мас айдоочулар болсо мыйзамдын алкагында чара көрүлүшү керек", — деди министр.

Ниязбеков чукул арада жол кыймылы коопсуздугу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, эреже бузгандарга катаал чараларды көрүү керектигин айтты.

"Эгер кыска убакыт аралыгында коопсуздук жаатында өзгөрүүлөр болбосо, тийиштүү чара көрүүгө туура келет. Силердин ишмердүүлүгүңөр каралат. Иштей албагандар кетиш керек", — деди ал.

Министр жол коопсуздугун пропагандалоо боюнча бир катар тапшырмаларды берип, бул анын акыркы эскертүүсү экенин кошумчалады.

Жаңы кол кармашкан жуптар сүрөткө түшөбүз деп жол кырсыгына кабылды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жаңы кол кармашкан жуптар сүрөткө түшөбүз деп "жол кырсыгына кабылды". Видео
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү бир нече адамдын өмүрүн алган жол кырсыктары катталды. 21-июль күнү Ысык-Көл облусунун аймагында Mitsubishi Galant менен Lexus LХ-470 кагышкан. Анын кесепетинен Mitsubishi Galant унаасындагы беш адам набыт болгон. Маркумдар эки үй-бүлө экени аныкталган. Текшерүү учурунда дарыгерлер Lexus унаасынын айдоочусу мас абалда болгонун тастыкташкан.

Ал эми 22-июлда Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда Honda Stepwagon менен Mitsubishi Pajero кагышып, алты адам каза тапкан. Mitsubishi Pajero унаасынын айдоочусу дагы мас болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0