17:59 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу (48)
153 0 0

Адвокат Инандыны кайтаруу жана анын уурдалышына күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу үчүн кылмыш ишин козгоону талап кылган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Уурдалган Орхан Инандынын жубайынын адвокаты Таалайкүл Токтакунова Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга адвокат өзү билдирди.

Ал кыргыз жаранынын уурдалышына күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу үчүн кылмыш ишин козгоону талап кылууда. Ошону менен бирге Башкы прокуратуранын Түркиядан Инандыны эл аралык нормаларга ылайык Кыргызстанга кайтарып беришин талап кылуусун суранган.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы арыз түшкөнүн тастыктап, Бишкек ШИИБде адам уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши бар экенин белгиледи. Маалыматка ылайык, адвокаттын арызы ошол сотко чейинки өндүрүштүн алкагында каралмакчы. Ошондой эле бул иш Бишкек шаарынын прокурорунун жеке көзөмөлүндө турганы кошумчаланды.

"Уурдоого Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин катыштыгы болушу мүмкүн деген маалымат боюнча Аскер прокуратурасына тийиштүү тапшырма берилди. Эгер катыштыгы болсо иш-аракетине жараша юридикалык баа берилет", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандыны кармоо боюнча атайын операция ийгиликтүү өтүп, өлкөгө алып келингенин билдирген. Мындан улам кечээ ТИМ Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырды. Аны Кыргызстандын укук коргоо органдары бир айдан бери издеп жаткан эле.

Тема:
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу (48)

Тема боюнча

Афганистан: элдешкис талибдер, аскер качкындар, Пакистан менен Түркиянын көлөкөсү
Биз да Түркиядан бирөөнү уурдайлы. Депутат Инандыны алмашуу жолун сунуштады
Инандынын иши. КР элчиси Түркиянын ТИМ жетекчисинин орун басары менен жолукту
Белгилер:
Түркия, Орхан Инанды, Башкы прокуратура, арыз, адвокат

ЭҢ МААНИЛҮҮ