https://sputnik.kg/20210626/aalymdar-keneshinin-toragasy-kochkonbaj-saddilaev-boldu-1053003779.html
Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бекип, төрагасы Көчкөнбай Садиллаев болду
Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бекип, төрагасы Көчкөнбай Садиллаев болду
Sputnik Кыргызстан
Муфтияттан аталган кеңешке 21 киши бекитилгенин билдиришти. Жаңы төрага Көчкөнбай Садиллаев мурда Аалымдар кеңешине мүчө болчу. 26.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-26T11:40+0600
2021-06-26T11:40+0600
2021-12-15T22:55+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
аалымдар кеңеши
муфтият
төрага
мүчө
бекитүү
көчкөнбай саддилаев
https://sputnik.kg/img/07e5/06/1a/1053003743_0:0:1001:563_1920x0_80_0_0_79d3688c6e0e3c9c8b9f7d32d8c2db58.jpg
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бекип, төрагасы Көчкөнбай Садиллаев болду. Бул тууралуу маалыматты Sputnik агенттигине муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.Анын айтымында, аталган кеңешке 21 киши бекиди. Жаңы төрага мурда Аалымдар кеңешине мүчө болчу.Көчкөнбай Садиллаев 1959-жылдын 13-сентябрында Баткен районуна караштуу Зардалы айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал 2003-2006-жылдары муфтийдин орун басары болуп иштеген. Аалымдар кеңешинин 1-2-3-5-6-чакырылышынын ардактуу мүчөсү.Ал эми Бакыт Нурдинов Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болду.Бүгүн Улуттук филармонияда Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өттү. Анда республика боюнча келген делегаттар муфтийди, Аалымдар кеңешинин төрагасы менен мүчөлөрүн жана Борбордук текшерүү комиссиясынын жетекчисин шайлады. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы болуп Замир Ракиев бекиди.
https://sputnik.kg/20210621/kyrgyzstan-aalymdar-keneshi-synak-1052942152.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/1a/1053003743_0:0:805:604_1920x0_80_0_0_b7eb0a416ea680ca24ccae70ec5701d7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, аалымдар кеңеши, муфтият, төрага, мүчө, бекитүү, көчкөнбай саддилаев
жаңылыктар, коом, кыргызстан, аалымдар кеңеши, муфтият, төрага, мүчө, бекитүү, көчкөнбай саддилаев
Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бекип, төрагасы Көчкөнбай Садиллаев болду
11:40 26.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021) Муфтияттан аталган кеңешке 21 киши бекитилгенин билдиришти. Жаңы төрага Көчкөнбай Садиллаев мурда Аалымдар кеңешине мүчө болчу.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бекип, төрагасы Көчкөнбай Садиллаев болду. Бул тууралуу маалыматты Sputnik агенттигине муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.
Анын айтымында, аталган кеңешке 21 киши бекиди. Жаңы төрага мурда Аалымдар кеңешине мүчө болчу.
Көчкөнбай Садиллаев 1959-жылдын 13-сентябрында Баткен районуна караштуу Зардалы айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал 2003-2006-жылдары муфтийдин орун басары болуп иштеген. Аалымдар кеңешинин 1-2-3-5-6-чакырылышынын ардактуу мүчөсү.
Ал эми Бакыт Нурдинов Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болду.
Бүгүн Улуттук филармонияда Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өттү. Анда республика боюнча келген делегаттар муфтийди, Аалымдар кеңешинин төрагасы менен мүчөлөрүн жана Борбордук текшерүү комиссиясынын жетекчисин шайлады. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын
башчысы болуп Замир Ракиев бекиди.