150 миң доза Sinopharm Кыргызстанга апта аягына чейин келип түшөт

© REUTERS / AKHTAR SOOMROSinopharm вакцинасы. Архив
Sinopharm вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Чартердик каттам Кытайдан Түркия аркылуу келет. Буга чейин кыргыз өкмөтү гуманитардык жардам катары берилген вакцинаны ташып келе албай жаткан.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы Кыргызстанга аптанын аягына чейин келип түшөрү пландалууда. Бул туурасында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кабарлады.
Анын айтымына караганда, каттам Кытайдан Түркия аркылуу келет.
Кыргызстанга Спутник V вакцинасынын үчүнчү партиясы келип түштү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү партиясы келип түштү. Видео
Бейшеналиев бардыгы бир ташылбастан бөлүп-бөлүп менен жеткирилерин айтты.
Эске салсак, март айында Кыргызстанга биринчи партия менен 150 миң доза Sinopharm гуманитардык жардам катары келип түшкөн. Майдын ортосунда Кытай анын экинчи партиясын жана дагы 150 миңди акысыз берери белгилүү болгон. Бирок министр акчанын жоктугунан бекер берилген препаратты алып келе албай жаткандыктарын айткан эле. Ал эми майдын аягында бул маселенин чечилгени кабарланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0