https://sputnik.kg/20210616/karven-grupp-eesi-karmaldy-1052885672.html
Насыя алып, төлөбөй коюуну көздөгөн... УКМК "Карвен групптун" ээсин кармады
Насыя алып, төлөбөй коюуну көздөгөн... УКМК "Карвен групптун" ээсин кармады
Sputnik Кыргызстан
Шек жаратып жаткан бизнесмен мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге мыйзам бузуу менен ири өлчөмдө насыя алууга аракет... 16.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-16T12:15+0600
2021-06-16T12:15+0600
2021-12-15T22:55+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
кылмыш
алдамчылык
насыя
банк
тергөө
https://sputnik.kg/img/104275/62/1042756281_0:309:2880:1929_1920x0_80_0_0_06eef703014f715bb0c3122c569c39e6.jpg
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын Генрих Балян аттуу жетекчиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.Маалыматка караганда, жаран Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча шек жаратып жатат.Тергөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган кыймылсыз мүлк Баляндын жеке менчиги экени жана башка адамдын атынан кредит алыш үчүн күрөөгө койгону аныкталган."Насыя алынгандан кийин аны кайра төлөбөй коюуну көздөгөн", — дешти УКМКдан.Алынган далилдердин негизинде 15-июнь күнү Балян колго түшүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жакынкы аралыкта сот анын бөгөт чарасын тандайт.Ушул эле кылмыш ишинин алкагында банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары А.К. кармалган.
https://sputnik.kg/20210605/prezidenttin-atyn-zhamynyp-aldamchy-karmaldy-1052738626.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104275/62/1042756281_191:0:3243:2289_1920x0_80_0_0_f235c3f0896a2d5e782d315df4b49718.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кылмыш, алдамчылык, насыя, банк, тергөө
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кылмыш, алдамчылык, насыя, банк, тергөө
Насыя алып, төлөбөй коюуну көздөгөн... УКМК "Карвен групптун" ээсин кармады
12:15 16.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021) Шек жаратып жаткан бизнесмен мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге мыйзам бузуу менен ири өлчөмдө насыя алууга аракет жасаганы айтылды.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын Генрих Балян аттуу жетекчиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жаран Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча шек жаратып жатат.
"Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион доллар өлчөмүндө "жалган" адамга насыя алууга аракет жасаган. Бул үчүн ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү өтө жогору баалап (670 миң доллар) күрөөгө койгондугу аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган кыймылсыз мүлк Баляндын жеке менчиги экени жана башка адамдын атынан кредит алыш үчүн күрөөгө койгону аныкталган.
"Насыя алынгандан кийин аны кайра төлөбөй коюуну көздөгөн", — дешти УКМКдан.
Алынган далилдердин негизинде 15-июнь күнү Балян колго түшүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жакынкы аралыкта сот анын бөгөт чарасын тандайт.
Ушул эле кылмыш ишинин алкагында банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары А.К. кармалган.