Түн тынч өттү. Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан жок

© AP Photo / Vladimir VoroninСитуация на границе между Кыргызстаном и Таджикистаном
Ситуация на границе между Кыргызстаном и Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагында 5-июнь, саат 9:00гө карата абал тынч. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
"Ош облусунда кырдаал туруктуу деп бааланууда. Түн тынч өттү, чатак катталган жок. Абалды жөнгө салуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө", — деп билдиришти Чек ара кызматынан.
Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы айтылды.
Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундарын эвакуациялоого даярданып жаткан ӨКМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Чоң-Алайдын 5 айылынын эли эвакуацияланып баштады. Сүрөт
Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.
Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.
Бирок Тажикстандын ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирүүдө.
Кечээ, 4-июнда, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундарын эвакуациялоо башталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0