361 киши вирус жугузуп, 4 бейтап каза болду. COVID боюнча статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматынын дарыгери. Архив
Тез жардам кызматынын дарыгери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Вирус жугузгандардын көбү мурдагыдай эле Бишкек шаары менен Чүй облусунда болуп жатат. Алардан кийинки орунда Ысык-Көл облусу турат.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Өлкө боюнча бир сутка ичинде 361 кишиден коронавирус табылып, 320 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 193;
  • Ош шаары – 5;
  • Чүй облусу – 96;
  • Ош облусу – 13;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 13;
  • Ысык-Көл облусу – 28;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 3.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 101 580ге жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 177;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 85;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 16;
  • Ысык-Көл облусу – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Баткен облусу – 1.
Жалпысынан 94 803 бейтап дартты жеңди.
Тилекке каршы, өткөн суткада илдет дагы төрт адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен экөө Бишкектен болсо, экөө Чүйдөн экени белгилүү болду. Жалпысынан коронавирустан 1 729 адам каза тапты.
Акыркы суткада 5 420 кишиге ПЦР-изилдөө жүргүзүлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0