Мамлекеттин көзүн карабай пенсияга кантип акча топтоого болот. Жол-жобосу

© Sputnik / Табылды КадырбековПенсия алып аткан кемпир. Архивдик сүрөт
Пенсия алып аткан кемпир. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Улгайган убакта жалгыз пенсия менен жашоону каалагандар аздыр. Ошондуктан эксперттер пенсияны гана күтпөй, пассивдүү киреше алып келип, көнүп калган жашоону улантууга мүмкүнчүлүк берчү акча топтоого кеңеш беришет.
Бүгүн, мисалы, айына 30 миң сом айлык алсаңыз, эртең колуңузга болгону 10 миңден гана тиет. Көңүл чөгөртчү көрүнүшпү? Тилекке каршы, пенсияга чыкканда көпчүлүгүбүздү ушундай жагдай күтүшү мүмкүн. Ошондуктан карылыкта жалгыз пенсияны тиктеп калбаш үчүн алдын ала ойлонуп, пассивдүү киреше булагы боло тургандай тыйын жыйнап коюу дурус. Интернетте бул жаатында кеп-кеңештер ого эле арбын, ал эми биз аларды өзүбүздүн реалдуулукка ылайыктап карап чыктык.

Бул эмнеге мынчалык зарыл?

Кыргызстанда пенсия көлөмү аз экени жалпыга маалым. Эгер азыр жаш болуп, үч жумушта жан үрөп иштеп жүрсөңүз, улгайган куракта ден соолук да, күч-кубат да мурдагысындай болбойт. Анан да пенсионерлерге эмгек рыногунда талап жок. Ошондуктан эмитен эртеңкинин камын көрө жүргөн жакшы.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Акчаны кайда салып кантип көбөйтсө болот. Кыргызстандагы шарттар
КР Улуттук банкынын "Финсабат" ресурсунда (өлкөнүн башкы банкынын каржылык сабаттуулук боюнча долбоору) 20 жаштан 45-50 жашка чейин кандай түрдө болсо да каражат жыйнай берүү керектиги белгиленет. Анткени ушул куракта адамдын акча табуу жана болушунча тыйын чогултуу үчүн тажрыйбасы да, билими менен күч-кубаты да болот.
"Эгер саякаттап, жашоодон ырахат алып жүргөн чет өлкөлүк менен дале иштеп, жалгыз пенсиясына ишенген биздин пенсионерлерди салыштырсак, жаштайынан каражат топтой берүүнүн маанилүү жана зарылдыгы айкын боло түшөт", — деп түшүндүрүлөт порталда.

Пенсиялык куракка канча акча топтоп койгон оң?

Биринчи критерий: улгайганда ай сайын алчу кирешеңиз азыркы чыгымдарыңыздан аз болбогону жакшы. 30 миң сарптайсыз дейли, демек, карыганда да колго тийчү каражат ушундан кем эмес болушу абзел.
Экинчи критерий — адатта карылыкта көбүрөөк каражат керек, себеби саламаттык жаш кездегидей болбогондуктан дарыланууга кеткен чыгым өсөт. Демек, зарыл сумманы көбөйтүү талап кылынат.
Үчүнчү фактор — инфляция, башкача айтканда, бир жылдан кийин 30 миң сомдун сатып алуу жөндөмдүүлүгү 3 миң сомго кыскарат (март айына карата жылдык инфляция 10,3 пайызды түзгөн). Ошол себептен бул факторду да эске алуу кажет. Балким 20 жылдан кийин сизге кеминде 60 миң сом керек болуп калат чыгар. 

Акчаны кайдан табуу зарыл?

Бул учурда үч кеңеш берилет, бирок аларды аралаш колдонуу абзел: азыраак коротуу, көбүрөөк табуу жана топтолгон каражатты инвестициялоо.
Кирешеңиз колго тиери менен эң оболу пенсиялык куракка чогулткан акчаны толуктоо маанилүү. Антпесе улам өкүнүп коюп, "эмки айдан тарта сөзсүз ошентем" деп жашай бересиз. Эксперттер мындай учурларда "адегенде өзүңө төлө" деп коюшат.

Топтоо үчүн кандай акча резервдери бар?

Улуттук банктын "Финсабат" долбоору жумушчу КР Социалдык фондуна өз маянасынын ондон бир бөлүгүн чегерерин эске салат.
"Ошону менен бирге эле сиз өз алдынча бул суммадан эки пайызды тескей аласыз. Пенсиялык фондду же тескөөчү компанияны таап, кийинки инвестицияны ошол жакка чегерүүгө болот", — деп жазылат ресурста.

Акчаны кайда салган оң?

Банк карталары жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Насыя картасы же "кредитканын" эмне пайдасы бар? Кыргызстандагы банктардын шарты

Бардык каржылык инструменттердин тобокелдиктери болорун, тек гана алар чоң жана кичинелиги менен айырмаларын түшүнүү кажет. Башкача айтканда, алтын да, шарттуу каржылык пирамидалары да тобокелдүү, болгону баалуу металл менен куржалак калуу мүмкүнчүлүгү азыраак.

Каржылык сабаттуулукка жана пенсия курагына топтоочу жыйымга арналган ресурстардын баары акчаны консервативдүү булактарга салуу керектигин белгилешет. Анткен менен диверсификациядан тынымсыз коңгуроо кагат. Белгилүү болгондой, жумуртканын баарын бир себетке салуу кооптуу.
Карылыкка камылга көрүү үчүн каражатты кайда салуу керек деген сурообузга Улуттук банктагылар бул жааттагы бардык механизмдерди тизмектөө менен бирге алардын оң жана терс жактарын айтып беришти. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовКирешеңиз колго тиери менен эң оболу пенсиялык куракка чогулткан акчаны толуктоо маанилүү
Обращение сома в КР  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кирешеңиз колго тиери менен эң оболу пенсиялык куракка чогулткан акчаны толуктоо маанилүү

Акциялар

Көп кабаттуу үйдүн курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Кыймылсыз мүлккө акча салуу пайдалуубу? Артыкчылыгы, кемчилиги

Акция — бул акционердик коомчулук тарабынан чыгарылган үлүштүк баалуу кагаз. Акционер катары сиздин кирешеңиз компаниянын рынокто канчалык ийгиликтүү экенине жараша.

Эгер акционердик коом пайда алса, анда анын төрттөн бир бөлүгүнөн кем эмес көлөмү акционерлерге дивиденд түрүндө төлөнүүгө тийиш.
Дивиденддердин өлчөмү компания ээлигиндеги сиздин үлүшүңүзгө пропорционалдуу. Анткен менен компаниянын иши жүрүшпөй кала турган болсо, акционерлер тобокелге туш болорун да эстен чыгарбаңыз.
"Мында акцияга салынган каражаттан заматта киреше келбей турганын дароо так билип алуу дурус. Акцияга салынган инвестициялар — капиталдын узак мөөнөткө салынышы, андан пайданы сиз 2-3 жылдан кийин гана көрөсүз", — деп айтылат билдирүүдө.
Акцияга акча салган учурда баалуу кагаздардын наркы өсүп кетерин да, ошону менен бирге эле төмөндөп да кетерин түшүнүүгө тийишсиз. Дал ушул себептен акциялар тобокелдиги жогору салымдарга кирерин белгилешет Улуттук банктагылар. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовКаржылык сабаттуулукка жана пенсия курагына топтоочу жыйымга арналган ресурстардын баары акчаны консервативдүү булактарга салуу керектигин белгилешет.
Выдача кредитов в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Каржылык сабаттуулукка жана пенсия курагына топтоочу жыйымга арналган ресурстардын баары акчаны консервативдүү булактарга салуу керектигин белгилешет.

Облигациялар

Облигация — бул карыздык баалуу кагаз. Сатып алганыңыз компанияга анык бир мөөнөткө белгилүү пайыз менен карыз бергениңизди туюндурат. Облигациялар адатта 2-3,5 жылга чыгарылат, аяктаганда компания сиз салган сумманы кайтарып берет.
Бир облигация баасы миң сомду түзөт. Корпоративдик облигацияларды акционердик жана жоопкерчилиги чектелген коомдор жайгаштыра алат.
"Облигация ээси аларды чыгарган компанияны башкаруу иштерине катышпайт. Анткен менен облигация алуунун артыкчылыктары да жок эмес. Акциялардан айырмасы — компания пайда көрүп-көрбөсө да сиз өз шыбагаңызды аласыз. Облигациялардын дагы бир жакшы жагы — инвестор каалаган убагында экинчи рынокто баалуу кагаздарды сатып жиберүү менен салган акчасын кайтарып алууга акысы бар. Мында ал пайыздык кирешесинен да куру калбайт", — деп белгиледи Улуттук банк.
Эгер баалуу кагаздар Кыргыз фондулук биржасынан Blue Chips (эң жогоркудан кийинки категория) боюнча листинг жол-жобосунан өткөн болсо, инвесторлор киреше салыгын төлөөдөн бошотулат. 

Мамлекеттик баалуу кагаздар

Мамлекеттик баалуу кагаздар абдан ишенимдүү деп эсептелинет, ошондуктан дээрлик тобокелдиги жок. Мамлекеттин атынан Каржы министрлиги бул баалуу кагаздар боюнча төлөмдөргө кепилдик берет.
Кыргызстандын бюджетине жыл сайын ички карызды жабууга, башкача айтканда, мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча төлөмдөрдү берүүгө каражат каралат.
Эң кеңири таралгандары — мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ), мамлекеттик казыналык облигациялар (МКО) жана КР Улуттук банктын ноталары. Алардын кирешелүүлүгү түрүнө жараша 4төн 12,5 пайызга чейин жетет. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовАкцияга акча салган учурда баалуу кагаздардын наркы өсүп кетерин да, ошону менен бирге эле төмөндөп да кетерин түшүнүүгө тийишсиз. Дал ушул себептен акциялар тобокелдиги жогору салымдарга кирерин белгилешет Улуттук банктагылар.
Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Акцияга акча салган учурда баалуу кагаздардын наркы өсүп кетерин да, ошону менен бирге эле төмөндөп да кетерин түшүнүүгө тийишсиз. Дал ушул себептен акциялар тобокелдиги жогору салымдарга кирерин белгилешет Улуттук банктагылар.

Коммерциялык банктардагы аманаттар

Депозит (аманат) — ишкана же жеке жак банкка каражатын салганы. Банк ал акчаны пайдаланганы үчүн пайыз төлөп берет. УБ белгилегендей, банк салымдары — эң жөнөкөй жана Кыргызстанда эркин капиталды салуунун эң кеңири колдонулган ыкмасы.
"Аманатты ачууга чейин өз пайда жана чыгымдарыңызды пландап алганыңыз оң, себеби банктагы депозиттен мөөнөтүнөн мурун акчаңызды алсаңыз чегерилген пайыздардан көп учурда куру каласыз. Киреше өлчөмү аманаттын мөөнөтү жана суммасына жараша. Мөөнөтү канчалык узак жана суммасы көп болсо, депозит боюнча пайыздык чени да жогору чегерилет", — дешти Улуттук банктагылар.
Ошондой эле башка каржылык инструменттерге акча салуу үчүн баштапкы инвестициялык жыйым үчүн да банкта эсеп ачууга болот.
Кыргызстанда аманаттык салымдар Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан корголгон. Кепилдик учур жаралса, ал аманатчыга 200 миң сомго чейин төлөп берет. 
© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүОблигация — бул карыздык баалуу кагаз. Сатып алганыңыз компанияга анык бир мөөнөткө белгилүү пайыз менен карыз бергениңизди туюндурат. Облигациялар адатта 2-3,5 жылга чыгарылат, аяктаганда компания сиз салган сумманы кайтарып берет.
Банковский вклад в РФ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Облигация — бул карыздык баалуу кагаз. Сатып алганыңыз компанияга анык бир мөөнөткө белгилүү пайыз менен карыз бергениңизди туюндурат. Облигациялар адатта 2-3,5 жылга чыгарылат, аяктаганда компания сиз салган сумманы кайтарып берет.

Кыймылсыз мүлк

Кыймылсыз мүлккө инвестициялоо капиталыңызды эки ыкма менен эселентүүгө мүмкүндүк берет. Наркындагы айырмадан пайда табуу, башкача айтканда, арзан сатып алып, кайра кымбат сатуу. Ошондой эле ижарага берип коюп маал-маалы менен каражат алуу жолу да бар. Кыймылсыз мүлккө акча салуу эң таасын түрү деген пикир бар. Чындыгында андай деле эмес.
Мүлктүн бул түрүнө акча салуунун өзгөчөлүктөрү бар. Инвестициялоонун бул багыты менен алектенүү үчүн баштапкы капиталыңыз болушу шарт", — деп эскертет Кыргызстандын Улуттук банкы. Дагы бир терс тарабы – кыймылсыз мүлк дайым эле тез сатылып кетпегенинде. Кыймылсыз мүлккө инвестициялар — капитал салуунун кыйла маанилүү түрү, бирок ал кылдат мамилени, рынокту тыкыр изилдөөнү жана мыйзамдардын оош-кыйышын так билүүнү талап кылат. 
© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүКыймылсыз мүлккө инвестициялоо капиталыңызды эки ыкма менен эселентүүгө мүмкүндүк берет. Наркындагы айырмадан пайда табуу, башкача айтканда, арзан сатып алып, кайра кымбат сатуу. Ошондой эле ижарага берип коюп маал-маалы менен каражат алуу жолу да бар.
Игрушечный домик - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыймылсыз мүлккө инвестициялоо капиталыңызды эки ыкма менен эселентүүгө мүмкүндүк берет. Наркындагы айырмадан пайда табуу, башкача айтканда, арзан сатып алып, кайра кымбат сатуу. Ошондой эле ижарага берип коюп маал-маалы менен каражат алуу жолу да бар.

Алтын

Алтын куймалары — бул Кыргызстанда инвестициялоонун жаңы өндүрүмү. Улуттук банк 2015-жылдын 7-майынан тарта кайра сатып алуу укугу менен алтын куймаларын сатыкка чыгарып келет. Бул салымдын эң чоң артыкчылыгы жана ынанымдуулугунун кепилдиги. Анткен менен алтын куймалары өзгөчө аяр сакталууга тийиш. Металлдын үлгүсү (пробасы) абдан жогору, тагыраак, 999,9ду түзөт, ошондуктан абдан жумшак.
Смартфон жана банктык карталар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Кыргызстандагы кайсы банктарда мобилдик банкинг бар? Оң жана терс жактары
Эгер анын үстүндө чийик же манжа издери байкалса, дароо баасы түшөт. Кийин аны сындырылган бөлүктөрдүн баасында, башкача айтканда, баалуу металлдын өз наркынан бир топ арзан сатууга гана болот. Ошондуктан Улуттук банк куйманы кутуча же бекем корголгон таңгакта кармайт.
Алтын куймаларына альтернатива катары менчиктештирилбеген (жеке жактары көрсөтүлбөгөн) металл эсептерди да карап көрсөңүз болот. Салымдын суммасы куйманын өлчөмүнө тең болушун жана кылдат кароону талап кылган куймалардан айырмаланып, бул ыкмада өзгөчө кам көрүү жана салымдын суммасына чек коюлбайт. Мындай учурда алтын колго берилбейт, виртуалдык болуп саналып, эсепте гана сакталат.
Акчаңызды кайтарууда виртуалдык алтындарыңыздын саны бул баалуу металлдын ошол күнкү баасы менен эсептелет. Башкача айтканда, алтындын наркы өскөндө акчаңызды көбөйтүп алууга мүмкүндүк түзүлөт. Иш жүзүндө байкалгандай, бул баалуу металлдын наркы жай, анткен менен кыйла сезилерлик жогорулап отурат.
"Акчаны алтынга салган инвесторлор бул узак мөөнөттүү инвестиция инструменти экенин эске алышы абзел. Ошондуктан кыска мезгилге чактап мындай операция жүргүзүүнүн кажети жок", — деп эскертет Улуттук банк. 

Корутунду

Пенсияга акча топтоо же чогултпоону, албетте, өзүңүз гана чечесиз. Эгер тыйын жыйнайын деп чечсеңиз, анда сизге салымдын бардык механизмдерин карап чыгып, эң коопсуз түрүн тандап алууга кеңеш бермекчибиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0