07:29 17 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (255)
132 0 0

Учурда чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жолугушуу өткөрүп жатканы кошумчаланды.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. 4-май саат 17:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, учурда чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жолугушуу өткөрүүдө.

"Мындан сырткары, буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иши уланып, чек ара кызматкерлери чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган кызматтын Баткен облусунда жайгашкан бөлүктөрү жана бирикмелери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы кошумчаланды.

Баткен чек арасындагы кандуу кагылыш

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү.

33 миңден ашык адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Кол салуунун кесепетинен 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлктөрү күйүп жок болду.

1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, КР бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарды там-таш менен камсыздоо милдети өкмөттүн мойнунда.

4-майдын түнү Башкы прокуратура Тажикстан Кыргызстанга кара ниеттик менен кол салып, аскердик агрессия жасады деген расмий билдирүү таратты. Кол салуу мурдатан пландаштырылгандыгын ага аскерлерден сырткары жалданган куралдуу адамдар менен бандиттик түзүмдөрү катышкандыгын билдирди. Бул боюнча Башкы прокуратура 2021-жылдын 29-апрелинде кылмыш ишин козгоду.

Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча, кагылышуудан 16 киши набыт болгон.

Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (255)

Тема боюнча

Баткенге өзгөчө макам берүү: кандай артыкчылык каралган
Катуу үндөн чочубагыла! Баткенде саперлор снаряддарды зыянсыздандырууда
Белгилер:
абал, УКМК, чек ара, Баткен, Тажикстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ