Тажикстандыкы — аскердик агрессия. Баш прокуратура кеңири билдирүү таратты

© Sputnik / Акылбек БатырбековМаксат айылында жабыркаган үйлөр
Максат айылында жабыркаган үйлөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстан тараптан башталган аскердик аракеттерге алардын аскерлери, жалданган куралдуу адамдары жана бандиттик түзүмдөрү катышты деп билдирди.
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik.Тажикстан менен болгон чек арадагы жаңжал иликтене баштады деп билдиришти Башкы прокуратуранын маалымат борборунан.
Билдирүүдө бир катар фактылар келтирилип, ал тажик тараптын Кыргызстандын суверендүү аймагын басып алуу максатында аскердик кол салуунун мурдатан пландаштырылганын айгинелери айтылган.
"2021-жылдын 29-апрелинде таңкы 04 саат 40 мүнөттөн баштап Тажикстандын аскерлери жана бандиттик түзүмдөрү автоматтык куралдарды, миномётторду, аскердик тик учактарды, оор бронетехниканы, артиллерияны жана башка куралдардын түрлөрүн Баткен облусундагы тынч жаткан элге карата колдонуп, Кыргызстандын чек арасына кара ниеттик менен кол салды", — деп айтылат маалыматта.
Бул агрессия 1976-жылдагы БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын уставын, 1991-жылдагы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү макулдашууну, 1991-жылдагы Алма-Ата декларациясын, 1994-жылдагы КМШ мүчө-мамлекеттеринин суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо жана чек араларынын кол тийгистиги жөнүндөгү Москва декларациясын, ошондой эле 1996-жылдагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимдин талаптарын бузуу менен жасалганы белгиленген.
Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Гафуров району чектешкен жердеги трасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Тажикстандыктар Лейлектеги жолду оңдоону токтотту. Соңку маалымат
"Туруктуу жайгаштырылган жерлерден башка жайдан чабуул коюучу оор куралды колдонуу Кыргызстандын суверендүү аймагын басып алуу максатында аскердик кол салуунун мурдатан пландаштырылгандыгын айгинелейт. Тажикстан тараптан башталган аскердик аракеттерде алардын аскерлери, куралдуу жалданган адамдары жана бандиттик түзүмдөрү катышты", — деп билдирди Башкы прокуратура.
Кыргызстандыктардын өмүрүнө кооптуулук жаралгандан соң эл эвакуацияланган. Алардын саны 33 миңден ашкан.
"Тажикстандын аскерлери жана бандиттик түзүмдөрү жергиликтүү элдин үй-жандыктарын, автотранспорт каражаттарын Тажикстан аймагына айдап кетип, алардын мүлкүн талап-тоноого өтүшкөн. Алар өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында Кыргызстандын жарандарынын турак жайларын жана тонолгон социалдык объектилерди массалык түрдө өрттөшкөн", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Миномёттук жана башка артиллериялык куралды колдонуу менен аскердик кол салуунун алгачкы сааттарында Баткен районунун "Головной" тилкесинде массалык өлүм болгон.
Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш айылдарында көптөгөн автоматтык, ири калибрдеги куралдардын гильзалары, фугастар жана миналар, жарылбаган снаряддар, авиациялык ракеталар алынганы маалым болду. Тажикстандын куралдуу күчтөрү тарабынан казылган траншеялар, тосмолор жана башка тургузулган аскердик курулмалар табылган.
Тажикстан талкалаган Максат айылынын мурдагы жана азыркы көрүнүшү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Тажикстан талкалаган Максат айылынын мурдагы жана азыркы көрүнүшү. Видео
"Белгилей кетчү жагдай, Тажикстандын аскерлери жана көптөгөн бандиттик түзүмдөрүнүн тынч жаткан элге жана жарандык объектилерге, ошондой эле жаракат алгандарды ташыган тез жардам автомашиналарына фугастык-жарылуучу бөлүкчөлөрдүн жана ракеталык куралдардын колдонулушу Тажикстандын бир жактуу жана көп тараптуу эл аралык Женева конвенцияларындагы макулдашууларды, гуманитардык нормаларды бузуу менен кара өзгөйлүк максатта жасалган агрессияны күбөлөндүрүп турат", — дешти аталган көзөмөл органынан.
Башкы прокуратура Кыргызстандын аскер кызматкерлери коргонуу, жарандарды коргоо, Кыргызстандын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоо максатында гана ок атуучу куралдар колдонулгандыгын маалымдады.
Кыргызстандын аскер күчтөрүнүн жана жарандарынын Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салган учурлары болгон эмес.
Жогорудагы фактылар боюнча Башкы прокуратура 2021-жылдын 29-апрелинде кылмыш ишин козгогон.
Жаңылыктар түрмөгү
0