Талашка түшкөн Баткендеги суу бөлүштүрүүчү жай кайсы жерде жайгашкан. Карта

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүСуу бөлүштүрүүчү жай. Архив
Суу бөлүштүрүүчү жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Буга чейин Тажикстандын УКМКга караган Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү аталган жай толугу менен Тажикстанга карайт деп билдирген.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Баткендин аймагында жайгашкан  Ак-Суу дарыясындагы "Головной" деп аталган суу бөлүштүрүүчү жай Кыргызстанга таандык. Бул тууралуу УКМКга караштуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Буга чейин Тажикстандын УКМКга караган Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү аталган жай толугу менен Тажикстанга карайт деп билдирген. Кыргызстандын УКМКсынан бул маалымат чындыкка туура келбейт деп айтышты.
"Суу бөлүштүргөн жай толугу менен Тажикстанга карайт, аны Кыргызстандын жарандары бир тараптуу тартипте ээлеп алган" деген тажик тараптын тараткан маалыматы туура эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
КРдин Чек ара кызматы суу бөлүштүргөн жайдын аймагындагы чыр тажик тараптын чагымчылдыгынан чыкты деп белгилешти.
Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Сокеев Sputnik Кыргызстанга "Суу бөлүштүрүүчү башкы жай" Кыргызстандын аймагында экендигин айтып берди.
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Ташиев Кыргызстанга учуп келе жатканын айтты
"Суу бөлүштүрүүчү башкы жай" Баткен районунун суу ресурстары башкармалыгынын балансында турат. Бул жайды Тажикстан "биздики" деп келет, бирок ал Кыргызстандыкы. Ал жерде, балким, муну каалабаган, тагыраагы, бул жайды бирге пайдаланалы дегендер бар окшойт. Аны кургандан тарта эле өзүбүз колдонуп келебиз. Тажик тарап ага бир тыйын да салган эмес. Алар пайдаланган да эмес, курулуш алардын балансына өткөн да эмес. Документтерде да бул жер дайыма биздин аймакта болуп келген", — деди Сокеев.
Адис Ак-Суу дарыясынын суусу эл аралык келишимдер боюнча бөлүштүрүлүп келгенин айтты.
"Дарыянын суусун Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан лимит менен пайдаланып келет. Буга бардык тарап макул болчу. Лимит жаатында карама-каршылыктар жок", — деп белгиледи агенттиктин жетекчиси.
"Суу бөлүштүрүүчү башкы жай" пайдаланууга 1973-жылы берилген.

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Көнүгүү учурунда аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
УКМК: тажик тарап түштөн кийин миномет, пулемет менен жапырт аткылоого өттү
Окуя учурунда төрт кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөө ок жеп оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери талаштуу 70 аймактын тагдырын чече албай келет.
Ал эми кыргызстандын борбору Бишкек шаарында чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулмай болду.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0