Кытай элчилиги дипломаттын өлүмү тууралуу окуяга жооп кайтарды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКытайдын Кыргызстандагы элчилиги. Архив
Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Элчилик кайсы бир тараптар такталбаган маалыматты соцтармакка жарыялап, Кыргызстандын коомчулугунда негативдүү таасир жаратканын белгилеген.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кытай Эл Республикасы жакында эле Кыргызстанга берген коронавируска каршы вакцинаны алгандан кийин Тышкы иштер министрлигинин кызматкери көз жумду делген такталбаган маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүүдө. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Элчилик Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинованын Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров коронавируска каршы кытай вакцинасын алгандан кийин көз жумушу мүмкүн делген маалыматына көңүл бурган.
"Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул маалыматты расмий төгүндөп, Бахтияр Шакиров эмделбегенин жарыялады. Дипломаттын каза болушуна кытай вакцинасынын тиешеси жок. Бирок кайсы бир тараптар такталбаган маалыматты соцтармакка жарыялап, Кыргызстандын коомчулугунда негативдүү таасир жаратты. Мындай аракеттер Кытай менен Кыргызстандын достук мамилесине көлөкө түшүрөт. Кытай тарап ушул сыяктуу жоопкерчиликсиз кылык-жорукту кескин сындайт", — деп айтылат маалыматта.
Элчилик Кытай Эл Республикасы биринчилерден болуп COVID-19га каршы вакцина чыгарганын, аны 80 мамлекетке гуманитардык жардам катары берип, дагы 47 өлкөгө экспорттогонун белгилеген.
Медайым ооруканада капельницаны орнотуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
ТИМ кызматкеринин ооруканадагы өлүмү. Милиция окуянын чоо-жайын айтты
"Дүйнөнүн 70тен ашык мамлекети кытай вакцинасын колдонууга уруксатын берди. Препараттын коопсуздугу жана эффективдүүлүгү эл аралык коомчулук тарабынан таанылган", — дешти элчиликтен.
Эске салсак, кечээ ТИМ Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканын билдирген. Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкы болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.
Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген. Министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин таппаганын, акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болорун маалымдаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0