ТИМ кызматкеринин ооруканадагы өлүмү. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүМедайым ооруканада капельницаны орнотуп жатат. Архив
Медайым ооруканада капельницаны орнотуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцинадан улам каза тапканы айтылып, бирок министрлик ал эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров Эне жана баланы коргоо борборуна дарыларын көтөрүп барып асма ийне жана укол алгандан кийин көз жумган. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1-апрелде саат 00:14тө милицияга Эне жана баланы коргоо борборунан 40 жаштардагы киши көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Ленин райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу барган.
"31-март күнү саат 22:30дарда 1982-жылы туулган Ш.Б. ооруканага өзүнүн дарыларын көтөрүп алып асма ийне жана укол алганы келген. Медайым ийне сайгандан кийин өзүн жаман сезип, алгачкы жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан эсин жоготуп, ошол жерден көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Ленин РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошондой эле өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Эске сала кетсек, кечээ ТИМ Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканын билдирген.
Бишкектеги медициналык кызматкер COVID-19 вакцинасынын даярдап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
COVID-19дан эмделгендер жана эмделчүлөр билиши керек. Түйшөлткөн 9 суроого жооп
Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкы болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.
Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген. Министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин таппаганын, акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болорун маалымдады.
Жаңылыктар түрмөгү
0