12:16 11 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7112
  • EUR103.0978
  • RUB1.1491
Коом
Кыскача шилтеме алуу
358830

Көпчүлүк учурда коңурук тартууга олуттуу карап, маани деле бербейбиз. Бирок анын да адам өмүрүнө кооптуулугу бар экен.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин Улуттук кардиология жана гипертония борборунун өпкө гипертониясы жана тоо медицинасы бөлүмүнүн башчысы Абдырашит Марипов менен коңурук тартуунун себептери жана андан арылуунун жолдору тууралуу маектештик.

— Коңурук тартуунун кесепеттерин ооруга байланыштырып келебиз. Чындыгында эле коңурукка себеп болчу кандай факторлор бар?

— Коңурук деген өзү эмне? Адамдын дем алуу органдарынын айланасындагы булчуңдар уктаганда ал бошоп, андан улам аба жолдору да ичкерип калат. Натыйжада организмге аба кысылып өткөндүктөн үн чыгат. Ошону биз коңурук деп атайбыз.

Коңурук тартуунун эки түрү бар. Биринчиси кооптуу эмес, кадимки коңурук. Адам чарчаган маалда, оорунун тобокел фактору жок болсо кездешет. Мындай коңурук дем алууну токтотпойт. Эгерде коңурук тартуу дем алуунун токтоп калышын шарттаса, анда ал кооптуу патологиялык коңурукка кирет. Мындай учурда дем алуу органдарындагы булчуңдар бошоп, акырындап отуруп биротоло жабылып, организмге кычкылтек жетпей калат. Кычкылтексиз организм өтө кооптуу абалга кептелет. Ички органдардын баары кычкылтектин негизинде иштейт. Аба менен кычкылтек жетпей калганда кан басым тез көтөрүлүп, кан коюлап, жүрөк катуу иштей баштагандыктан, бара-бара ыргагы да бузулат. Башкача айтканда, инсульт же инфаркт тобокелдиги жаралат. Байкоолор боюнча инсульт болуу кооптуулугу 10 эсе, ал эми инфаркттыкы төрт эсе көбөйүп, жүрөктүн токтоп калуу коркунучу пайда болот. Бир эле убакта жүрөк менен өпкө иштебей калышы мүмкүн.

Руководитель отделения горной медицины и легочной гипертонии Национального центра кардиологии и терапии Абдирашит Марипов
© Фото / Эмир Абдысаттаров
Марипов: коңурук адам толуп кеткенде пайда болот. Семиргенде моюндун айланасына майдын бөлүкчөлөрү топтолот да, аба өтчү жолдордун тосулуп калышын шарттайт

— Жөнөкөй эле жүрөк оорусунун кесепетинен да коңурук пайда болушу мүмкүнбү?

— Коңурук адам толуп кеткенде пайда болот. Семиргенде моюндун айланасына майдын бөлүкчөлөрү топтолот да, аба өтчү жолдордун тосулуп калышын шарттайт. Экинчиден, калкан безинин жетишсиз иштешинен улам булчуңдардын бошошун шарттоочу гипотиреоз деген эндокриндик оору бар. Бул оору да коңурук тартууга негиз болуп берет. Аба өтчү жолдордо кандайдыр бир механикалык тоскоолдуктар болсо да аны коңурукту шарттоочу факторлорго киргизебиз. Мисалы, кичинекей тилдин тубаса узун болушу, богок бездеринин чоңоюп кетиши ж.б. Чоңдор көбүнчө толуп кетип, мойну кыскарып кеткендигинен коңурук тартса, жаш балдарда жогорудагы тубаса аденоиддердин болуп калышы коңурукка алып келет.

— Коңурук тартып жаткан адамды "коңурук тартпай жат" деп атайын түртүп ойготобуз. Бул алар үчүн кооптуу эмеспи?

— Негизи коңурук тартып жатып эле тартпай токтоп, кайра тартып уктоо кооптуу. Башкача айтканда, улам тынч болуп калып, кайра катуу коңурук тартып уктаганда өмүргө коркунуч жаралат. Бул оорунун белгиси. Аны көргөн адам эч чочулабай эле ойготуп же чалкасынан жатса, башка тарабына оодарып коюу керек. Тыптынч болуп, коңурук тартпай калган учур аба өтчү жолдордун биротоло бекип калган кези болуп эсептелинет. Кишиге ошол мезгилде кычкылтек жетпей, муунуп, булчуңдар бошоп, аба жолдору тосулуп кыйналып жаткан болот. Инсульт же инфаркт болуп калышы да мүмкүн.

Руководитель отделения горной медицины и легочной гипертонии Национального центра кардиологии и терапии Абдирашит Марипов
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Марипов: негизи коңурук тартып жатып эле тартпай токтоп, кайра тартып уктоо кооптуу

— Коңурук тартып жаткан адамды чочутуп ойготсо "токтоп калат" деген түшүнүк бар?

— Патологиялык коңурук чочутса деле токтобойт. Коңурук токтоп, кайра уланбаса ал коопсуз болуп эсептелинет. Жогоруда санаган оорусу жок адамдын коңурук тартканы кадыресе эле көрүнүш. Муну тагыраак аныктаган ыкма полисанография деп аталат.

Дем алуу органдарынын иштебей токтоп калышы апноэ деп аталат. Мындайда адам дем алайын десе да булчуңдар бошоп калгандыктан абаны өткөрбөй коёт. Бул жол кырсыгын да шарттайт. Изилдөөлөр боюнча Америкада 2000-жылы 300 миңге жакын жол кырсыгынын себеби апноэ белгиси бар коңурук экендиги маалым болгон. Ушул авариялардан 14 миң киши мерт кеткен. Унаа айдап бара жатып уктап кеткендин натыйжасында бул социалдык жактан да тобокелчиликке алып келип, өзү гана эмес, башка кишилерге да зыян келтирип жатат. Уйку адамга эс алуу үчүн берилген. Уктаганда баш эс алып, сергип туруу керек. Ал эми уктаганда дем алуу органдары жабылып калчу кооптуу абал жаралып калганда баш эс албай иштеп турууга мажбур. Баш өзүн мээ шишигинен, организмди өлүмдөн сактоо үчүн бүтөлүп калган дем алуу органдарын бир түндө 500-600 жолу ачууга мажбур болот. Ошол себептен эртеси адам эс албай, алсырап, кан басымы көтөрүлүп, каны коюланып кыйналып турат. Күндүзгү жашоонун сапаты абдан төмөндөп, унаа айдоого да терс таасир берет. Бул атеросклерозду (кан тамырларга холестериндин топтолушу — ред.) кант диабетин күчөтөт, ичеги-карын ооруларына, эркектерди импотенцияга чейин алып келет.

Руководитель отделения горной медицины и легочной гипертонии Национального центра кардиологии и терапии Абдирашит Марипов
© Фото / Эмир Абдысаттаров
Марипов: тыптынч болуп, коңурук тартпай калган учур аба өтчү жолдордун биротоло бекип калган кези болуп эсептелинет

— Уйку да түргө бөлүнөбү?

— Нормада эки уйку бар. Үстүртөн уктоо жана терең уктоо. Апноэси бар адамдар терең уйкуга түшө албайт. Ал эми физиологиялык жол менен түшүндүрсөк, уйкунун терең бөлүктөрүндө адамга керектүү маанилүү процесстер жүрөт. Алар кайсылар? Жакшы уктаганда эс-тутум калыбына келип, организмге адамды арыктатуучу соматотропин, потенцияны шарттаган тестостерон бөлүнүп чыгат. Уйкусу начарлардын эске тутуусу төмөндөп, семиргенден семире берет, андан апноэ күчөйт. Атайын ыкма менен дарылабаса бул оору сөзсүз инсульт же инфарктка алып келет. Уйкуда тамакка болгон табитти башкаруучу гормон иштелип чыгат. Табит бузулса семирүүгө алып келет. Башкача айтканда, мунун баары бири-бири менен тыгыз байланышкан опурталдуу абал түзүлөт. Аны бир-бирден ажыратып, атайын ыкма менен дарылоо керек.

Коңурук тарткандар доктурга бир көрүнүп коюусу шарт. Адам чалкасынан жатканда жогорку дем алуу органдары бир аз жабыла түшөт, ал эми жамбаштап жатканда коопсуз коңуругу бар кишилерде коңурук тартуу дароо токтоп калат. Ал эми кооптуу коңурук кайсы тарапты карап жатса да баары бир токтобойт.

— Коңуруктан арылтуучу атайын жабдуулар бар эмеспи. Жардамы барбы?

— Булардын эффективдүүлүгү апноэ оорусунун даражасына жараша болот. Коңуруктан арылтуучу жабдуулар жеңил формасында же коопсуз эмес коңурукта гана колдонулат. Орточо жана татаал формасында жардам бербейт, тескерисинче. күчөп кетиши мүмкүн. Татаалыраак формасында адам уктап жатып эле кете бериши мүмкүн. Бул жүрөк-кан тамыр оорусунан каза болууну беш эсеге көбөйтөт.

Руководитель отделения горной медицины и легочной гипертонии Национального центра кардиологии и терапии Абдирашит Марипов
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Марипов: патологиялык коңурук чочутса деле токтобойт. Коңурук токтоп, кайра уланбаса ал коопсуз болуп эсептелинет

— Коңуруктан арылуунун кандай жолдору бар?

— Алгач тобокел факторлорунан арылуу керек. Мында семирүүдөн сактануу зарыл, ал үчүн туура тамактанып, кыймылда болуу зарыл. Бул кишилер ЛОР врачка сөзсүз көрүнүп, тоскоолдуктарды, сөөктүн тубаса кемтиктерин ордуна келтирүү керек. Өнөкөт оорусу болсо, СИПАП деп аталган терапия менен дарыланууга туура келет. Бул оору уйку менен байланышып жатпайбы. Уйкуда бардык органдар эс алып, жай иштеп калат, булчуңдар бошойт. Бул учурда булчуңдун айланасында май көп болсо, ал жайылып аба өтүүчү жолдорду кысып коёт. Ал эми СИПАП аппараты организмге туташкандан кийин аба жолдорунун бекилип калуусун алдын алып турат. Ошентип таң атканга чейин аба жетиштүү болуп, ички органдар тынчсызданбай, кан басымы да ордунда болот. Эң негизгиси баш эс алып, терең уйкуга кеткенде бардык процесстер калыбына келет.

Тема боюнча

Аллергия мээни да сезгендириши мүмкүн. Аллерголог Абдылдаев менен маек
Белгилер:
Абдырашит Марипов, инсульт, инфаркт, адис, маек, стресс, уйку, терапия, булчуң эти, дарыгер, коңурук

ЭҢ МААНИЛҮҮ