Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

COVID-19га каршы вакцина алчулар ага акы төлөөр-төлөбөсү айтылды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүCOVID-19 эмдөө бөлмөсүндө дарыгерлер. Архив
COVID-19 эмдөө бөлмөсүндө дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Министрдин айтымына караганда, вакцинаны каалагандар гана сайдырат жана бекер болот. Ал коронавируска каршы эмдөө боюнча улуттук программа кабыл алынарын билдирди.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөдөн биринчи иретте кимдер өтөрүн маалымдады.
Ал вакцинация боюнча улуттук программа туурасында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда айтып берди.
"Биз эмдөө боюнча улуттук программа иштеп чыктык. Биринчи иретте медиктер, мугалимдер, чек арачылар, тагыраагы, эл арасында көп жүргөн кесиптин ээлери вакцина алат. Алардан соң өнөкөт оорусу барлар жана 65 жаштан өйдө курактагыларга сайылат. Эмдөөдөн үчүнчү кезек менен каалоочулар өтөт", — деп айтты ал.
Кыз парфюмерия дүкөнүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жыт билбей калуу эмне үчүн COVID-19дун жакшы белгиси? Адистин жообу
Министр эмдөөгө Кыргызстанга келген бардык вакциналар колдонуларын кошумчалады. Анын айтымында, вакцинаны каалагандар гана алат жана ал бекер болот.
Бейшеналиев буга чейин Кыргызстанга кытай өндүрүшүнөн чыккан 150 миң доза вакцина келе тургандыгын айткан эле.
Министр коронавируска каршы эмдөө марттын аягы, апрелдин алгачкы күндөрү менен башталарын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0