БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар Россиянын аймагына негиздемеси жок кириши мүмкүн. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаровдун 26-февралда Россияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер Артём Новиков РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушкан.
Тараптар Россиянын "COVID жок саякатта" программасына Кыргызстандын катышуусун талкуулашкан. Ага катышууга өлкөнүн медициналык лабораторияларынын Россиянын керектөөчүлөр көзөмөлүнүн талаптарына шайкештигин баалоону макулдашкан.
"Бул чечим кыргыз жарандарынын Россия Федерациясынын аймагына кирүүсү үчүн негиздеме алуу зарылчылыгын жокко чыгарууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Кечээ Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан "COVID-19 жок саякатта" санариптик платформага кошулганын билдирген.