19:17 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Коом
Кыскача шилтеме алуу
66410

Ортопед Жантай Шамбетов балдар жана чоңдор ортопедиясынын тегерегиндеги бир топ мифтерди жокко чыгарды.

Айтымында, бешик ымыркайларга чоң апаларыбыз ойлогончолук пайда алып келбейт жана бала алгачкы арышын эч кандай жабдыксыз (ходуноксуз) шилтегени оң. Ошондой эле бут кийимди тандоодо кеп кымбат-арзанында эмес.

Врач-ортопед, травматолог, спорттук травматолог, артроскопиялык хирургия адиси Жантай Шамбетов ата-энелер балдардын дене бою калыптанышын ашыгып тездетишерин, ымыркайдын саламаттыгына салтыбыздагы бешиктин пайда-зыянын, 45 жашка келгенде муун ооруларынын алгачкы белгилерине кантип көңүл буруу керектигин айтып берди.

— Жантай Зарлыкович, келиңиз, кепти бала төрөлгөндөн баштайлы. Биздин чоң апалар мурда балдар бешикке бөлөнүп чоңойгондуктан көйгөйү жок, сөөгү бекем болчу деп кайталап калышат.

— Бешик дегенде биринчи кезекте өтө бекем бөлөөнү түшүнөбүз. Дал ошентип бөлөө көп учурда баланын жамбаш жана кашка жиликтин ашташынын туура эмес өрчүшүнө (дисплазияга) алып келет. Ал эми бала бул ооруга туруштук бере албаса, кырдаал ого бетер курчуйт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңеши менен биздеги төрөт үйлөрүндө азыр бала оролбойт. Жаңы төрөлгөн ымыркайга дароо боору ачык ички-сырткы көйнөк, багалеги туюк шым кийгизилет. Албетте, айрым апалар мындан жаа бою качат, ал эми чоң энелердин үрөйү учат. Бирок баланы ороого да таптакыр тыюу салынбайт, тек гана буттарын катуу бириктирип оробош керек. Айрым азиялык өлкөлөрдө энелер слинг (боорго ороп көтөрүү) пайдаланышат. Алардын артыкчылыгы кош таасиринде, анда баланын буттары эки тарапка, ал эми жүзү апасына карайт, башкача айтканда, анын жылуулук, мээримин сезип турат.

— Балдар бешикте өссө да, мурда аларда, маселен, май таман деген болгон эместей...

— Бул дагы, башка көйгөйлөр да бар болчу, бирок алда канча аз эле. Биринчиден, балдар мурда таза абада көп жүрүшчү, мектептерде гимнастика спорттун кеңири тараган түрү эле. Совет мезгилинде дене тарбия сабагында "жыгач аттан" секиришчү, аркан менен өйдө тырмышып чыкчу, кыймылдачу.  Экинчиден, мектептерде алдын алуучу текшерүүлөр дайым жүргүзүлүп, балдардын кандайдыр көйгөйү болсо жашында аныкталып, каттоого алынып, алар менен адистер иштечү.

Азыр андай текшерүүлөр ымыркай кезинде гана жүргүзүлөт, анткен менен мындай оорулар туурасында ар кандай ортопедиялык салон жана борборлордун эсебинен калктын маалымдуулугу артты. Алар социалдык медиа жана теледе жарнамалык гана тургай, маалыматтык да кампанияларды тынымсыз өткөрүп келишет. Адамдар ортопедия туурасында, муун ооруларынын тышкы белгилери жөнүндө жакшы билип калышты.

Врач-ортопед, травматолог, спортивный травматолог, специалист по артроскопической хирургии Жантай Шамбетов
© Фото / из личного архива Жантая Шамбетова
Врач-ортопед, травматолог, спорттук травматолог, артроскопиялык хирургия адиси Жантай Шамбетов

— Бала жарыкка келет, адистер төрөт үйүндө текшерет, кийин эки айлык кезинде жана жылына бир ирет кароодон өтүп турат. Чоңоюп, жакшы эле өсүп келе жаткандай болот, бирок кайсы бир убакта бир мандем бардай сезилет. Наристенин таманы чуңкураяр кезде балада май тамандык байкалат. Буга эмне себеп?

— Эгер ымыркайлар боюнча айтып жатсаңыз, үч жашка чейинки май тамандуулук кадыресе көрүнүш. Баланын таманы өрчүйт, булчуңдары, тарамыштары бекемделет, ошондуктан ал убакта ага санааркоонун кажети жок. Ата-энелер андайда балага сабырдуулук менен көз салганы гана туура. Эгер оң өзгөрүүлөр болбосо, үч жашында тамандын вальгустук жана варустук деформацияланышы деп аныкташат. Врачтардын кеңешин аткаруу менен май тамандуулукту жоюуга али убакыт бар. Эгер алты жашына дейре таман оңдолбосо, анда "май тамандык" деген диагноз коюлат.

Азыркы замандын балээси —– балдар тай-тайлап калган убакта жабдыктын (ходуноктун) колдонулушу дээр элем. Өрчүүнүн табигый процесси болот: баланын боор көтөрүп оодарылышы, отурушу, жөрмөлөшү, басышы... Мунун ар биринен бала эч кандай түзүлүшсүз өз алдынча өтүүгө тийиш. Бирок энелер азыр активдүү, иш менен алек, анан албетте, мындай жабдык аларга чоң жардам. Баланы дээрлик жөрмөлөтүшпөй, кыймыл-аракет тутумунун бекемделишиндеги эң маанилүү учур көз жаздымда калат.

Бала табиятынан бөлүштүрүлгөн убакта жөрмөлөөгө тийиш, ошондуктан ата-энелерге баланын саламаттыгы үчүн баарын тездетүүгө ашыкпоого кеңеш берер элем. Андай жабдык менен чоңойгон бала бутунун учу менен басат, таманын жерге толук койбойт. Себеби жабдыкта тең салмактуулукту сактоону үйрөнүүнүн кереги жок, ал буттун учу менен басууга көнүп калат. Андай жагымсыз таасирден улам ата-энелер кийин кымбат ортопедиялык килемчелерди сатып алышат.

— Учурдагы бут кийимдер, маселен, балетка дегендер да таасир этип жатса керек...

— Жалпак, супинатору жок бут кийимдер май тамандуулуктун өрчүп кетишинин түз себеби эмес, бирок мурдагы ооруну күчөтүп салышы ыктымал. Бут кийим тандоодо анын согончок жагына көңүл буруу абзел. Ал катуу жана өтө бийик эмес такалуу болушу керек, башкача айтканда, согончок бир аз өйдө көтөрүлүп турууга тийиш. Болду! Башка талап жок. Мындай бут кийимди табыш оңой, сөзсүз эле кымбат ортопедиялык бут кийимди сатып алуунун зарылдыгы жок.

— Бирок бала май таман болуп, убакыт өтүп кетти дейли. Андан ары эмне кылуу керек?

— Баланын гимнастика жасаганы жакшы. Таман үчүн атайын көнүгүүлөр топтому бар, абдан майнаптуу. Бирок апасы менен атасынын убактысы болбосо, бала өзү аларды жасабайт. Ошондуктан ата-энелер баланы гимнастикага бергени оң. Анда күч тегиз бөлүнүп, тамандын булчуңдары, тарамыштары жакшы иштелет. Эгер бала футболго барса, ал чуркай албайт, тез эле шайы ооп, тизелери ооруй баштайт. Анткени май тамандуулукта буттун учу же согончогуна эмес, бүт таманга күч келет. Мындай диагноз коюлган балдардын таманы жалпак тил менен айтканда амортизацияланбайт.

Врач-ортопед, травматолог, спортивный травматолог, специалист по артроскопической хирургии Жантай Шамбетов во время операции
© Фото / из личного архива Жантая Шамбетова
Врач-ортопед Жантай Шамбетов: Толук кишилер салмак таштап, тамактануусун кайра карап чыгуусу зарыл. Негизи эле муун ооруларын алдын алуу жана дарылоо — бул биринчи кезекте жашоо образын өзгөртүү.

— Келиңиз эми чоңдордун көйгөйлөрүнө токтололу. Мурун ата-бабалар булчуң ооруларынан азап чегишчү эмес экен. Анткени азыркыдай ыңгайлуу шарт жок, башкача айтканда, алар жерге отуруп-турушчу. Ошентип тизе муундары көбүрөөк керилип, маселен, артроз дегенге кабылганы сейрек болчу экен. Ушул чынбы?

— Бул миф. Азиялыктар генетикалык жактан О-типтеги бут түзүлүшүнө ээ. Мындайда биомеханикалык күч тизенин ички бөлүгүнө келет. Бул өзгөчөлүктөн улам муун ооруларына чалдыгуу көбүрөөк. Мисалы, азиялыктар тизе муундарынын артрозуна 45-50 жашта, ал эми европалыктар 10-15 жылга кеч кабылат. Андай дарты бар кишилерге полго же тизелеп отурууга болбойт. Анткени бейтап өйдө обдулганда, анан да ашыкча салмакта болсо тизенин тарамыш жана кемирчектерине катуу күч келтирет. Алар жөн эле иштен чыга берет. Мындай адамдарга той-аштарда да отургучка отурууну сунуштайбыз. "Кийин муунду алмаштырып калбаш үчун отургуч сурагандан тартынбаңыз!" – дейбиз.

— Демек, 45ке чыкканда адам алдын алуу үчүн врач-ортопедге барышы керекпи?

— Болжол менен дал ушул куракта тизе ооруп же кандайдыр ыңгайсыздык билинет. Оору — бул организм коркунучта дегендин белгиси, бирок мында көйгөй — үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы врач жазып берген дарылар менен аны басып коюуга болорунда.

Оору убактылуу басылат, адам этият болууну элес албайт, ал эми бул учурда муундарда ордуна келгис өзгөрүүлөр башталат. Эгер бейтап туура ойлонуп, ортопедге көрүнсө, өзүнө эле көмөктөшкөнү! Ыңгайсыздык байкалбаса врачка жөн эле баруунун кажети жок. Эгер жумушта керээли-кечке туруп же көпкө тизелөөгө туура келсе, анда муунга эртелеп кам көрүп, кандайдыр сигналдарды күткөн болбойт. Тилекке каршы, профессионал спортчулар карьерасын токтоткон соң ортопеддерге көрүнөт, анткени алган жаракаттарынын кесепеттери байкала баштайт. Улак тартып жүргөн көк бөрүчү ноокастарыбыз көп. Менопаузадагы аялдар да тобокелдик тобунда. Себеби эстроген деңгээлинин азайышы менен организмден кальций жуулат. Ал эми бул – остеопороз, ал сыныктын ар кандай түрлөрүнө, анын ичинде жамбаш сөөктүн сынышына алып келиши ыктымал. Чет өлкөлөрдө мунун алдын алуу үчүн аялдарга гормондук терапия жазышат. Муну менен алардын жаштыгы да узарат. Толук кишилер салмак таштап, тамактануусун кайра карап чыгуусу зарыл. Негизи эле муун ооруларын алдын алуу жана дарылоо — бул биринчи кезекте жашоо образын өзгөртүү.

— Кээде аялдар жашоосун кескин өзгөртүүнү чечип, күнүнө 5 чакырым чуркоого киришет. Бул туурабы?

— Жашыраак куракта чуркоо керек. Эгер күч келбесе, маселе жок, чуркай бериңиздер.

Бирок 40-45 жашта асфальтта чуркаган болбойт. Велосипед, эллипсоиддик тренажер, скандинавиялык жүрүш дурус, эгер чуркоодон башка жол жок болсо, анда мисалы, биздин "Спартак" стадионундагы жумшак төшөлмөдө чуркаган оң. Асфальтта чуркаганда тизе муунунун кемирчектерин эрте эле иштен чыгарып аласыз.

Врач-ортопед, травматолог, спортивный травматолог, специалист по артроскопической хирургии Жантай Шамбетов с коллегами
© Sputnik / из личного архива Жантая Шамбетова
Жантай Шамбетов: Бала табиятынан бөлүштүрүлгөн убакта жөрмөлөөгө тийиш. Ал эми "ходунок" деп аталган чыгырык менен чоңойгон бала бутунун учу менен басат, таманын жерге толук койбойт. Себеби жабдыкта тең салмактуулукту сактоону үйрөнүүнүн кереги жок, ал буттун учу менен басууга көнүп калат.

— Эгер тизе сопсоо, болгону муунду "майлап" туруучу суюктук кургап калсачы? Ушундайды көп кулагым чалып калат.

— Бул дагы кезектеги миф (күлүп). Муун суюктугу эч качан кургап калбайт. Биздин организмдин механизми ушунчалык жөнгө салынган, адамдын бүт өмүрүнө керектүү суюктук чыгарып турат.

Ал көбөйүп да кетиши мүмкүн, тизе шишип, оорутат. Ушундай да болот! Синовиалдык суюктуктун мындай сезгениши анын молекулярдык курамы өзгөргөндө болот, ага радикалдар — бүлгүн заттар толуп калат.

Биз аны алып, муун суюктугун нормага келтирүүчү гиалурон кычкылын куябыз. Ноокастар мындан аябай чочулашат, "тизеге ийне саюу" дегенди укканда эле дүрбөлөңгө түшөт. Мурда ооруканалардан ийне алып, азабын тартып заарканып калганынан улам ушинтишсе керек. Тилекке каршы, аймактарда ортопед врачтар дээрлик жок, алардын милдеттерин хирургдар аткарат. Ошондуктан көп учурда алардын катачылыгын оңдоп-түзөөгө аргасыз болобуз. Тажрыйбамда бир учурду айтып берейин. Тизеси ооруган бир кызды алып келишти, 16 жашта экен. Райондук ооруканада бир жарым жыл дарыланат, бирок бир дагы жолу МРТке тартышкан эмес. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында саркома (шишик) бар экени аныкталды. Биз аны дароо онкологияга жөнөттүк, бирок кеч болуп калыптыр, эки айдан кийин кыз көз жумду.

— Сөөкчүлөрдүн иштерин да оңдоп каласыздарбы?

— Айылдарда жашаган адамдар эмне көйгөй болбосун, чыгып кетип же тизе ооруса деле сөөкчүгө жөнөшөт. Бир нече күн ага көрүнүп, оңолбогон убакта бизге кайрылышат. Оңой эмес, андан көрө дароо бизге келишсе алда канча жеңил болмок. Ал эми мануалдык терапевттерге кеп жок, алардын тийиштүү билими бар.

— Жантай мырза, муун ооруларын алдын алуу, андан коргонууда алтын эрежелериңиз барбы?

— Эгер төрөлгөндөн баштай турган болсок, анда ымыркайды төрөт үйүндөгү, кийин 2 ай же 3 ай, андан ары бир жашка чыккан кезде калтырбай доктурга көрсөтүп туруу шарт. Көп көйгөйлөр, атап айтканда, жамбаш менен кашка жиликтин туура эмес ашташы да кичине кезде башталат. Врачтардын кеңештерин, ал жазган бардык процедураларды бала менен аткарыңыз.

Чоңоюп калган убакта сергек  жашап, ашыкча толбош керек. Ар бир ашыкча 10 килограмм омурткага жана кыймыл-аракет тутумуна күч келтирет. Бул татаал экенин билем, бирок бакубат, дени сак келечек үчүн өзүңдү шыктандырууга тийишсиң.

Толук кандуу, тагыраагы, углевод, белок, майлар менен тамактануу абзел. Витамин жана кальций бөйрөктө топтолуп калбашы үчүн ой келди иче бергенге болбойт. Сөзсүз врачтын көзөмөлүндө ичиңиз. Активдүү болуп, көбүрөөк сейилдеп, жөө басуу керек. Оорубаңыз, муундарыңыз сизге узак кызмат өтөп берсин!

Тема боюнча

Уролог Усупбаев: жыныс оорулары күчөдү, генофонд коркунучта!
Белгилер:
Жантай Шамбетов, ортопедия, туура тамактануу, спорт, бешик, бут, оору, сөөк

ЭҢ МААНИЛҮҮ