Балбак Түлөбаев Ак-Өргөнүн 5 гектар жерине парк салына турганын айтты

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Ак-Өргө жаңы конушунун кыдыруу учурунда
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Ак-Өргө жаңы конушунун кыдыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрдин милдетин аткаруучу ордо калаада эң узун бульвар пайда болорун жана Ош базарына 900 орундуу муниципалдык базар курула турганын да жазган.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Ак-Өргө жаңы конушунун беш гектар жерине парк салына турганын Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
"Бүгүн шаарды кыдырдык. Жыйынтыгында Ак Өргө жаңы конушундагы беш гектар жерге парк салабыз. Ошол эле конушта калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүнө жатакана жана бала бакча курабыз. Бишкекте эң узун бульвар пайда болот. Мындан сырткары, Ош базарына 900 орундуу муниципалдык базар курулат", — деп жазган Түлөбаев.
Мэрдин милдетин аткаруучу бул курулуш иштери качан башталарын так айткан эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0