Эки жүк ташуучу унаа Кыргызстандан Москва шаарына бара жаткан. Ыкчам кызматкерлер Chanel, Gucci, Louis Vuitton, Adidas, Puma жана Paul & Shark бренддеринин белгилери коюлган көйнөк, шым, футболка, шейшептерди тапты.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Тюмень шаарында (Россия) бажычылар Кыргызстандан аткезчилик менен келе жаткан товарды кармашты. Бул тууралуу Урал бажы башкармалыгынын сайтында айтылат.
Тюмень шаарында (Россия) бажычылар Кыргызстандан аткезчилик менен келе жаткан товарды кармашты
Тюмень шаарында (Россия) бажычылар Кыргызстандан аткезчилик менен келе жаткан товарды кармашты
Маалыматка караганда, ал жерде "дүйнөлүк бренддердин товарлары" болгон.
"Интеллектуалдык менчик укуктары бузулган товар менен эки жүк ташуучу унаа Кыргызстандан Москва шаарына бара жаткан. Ыкчам кызматкерлер товарларды карап жатып Chanel, Gucci, Louis Vuitton, Adidas, Puma жана Paul & Shark бренддеринин белгилери коюлган көйнөк, шым, футболка, шейшептерди таап алды", — деп айтылат билдирүүдө.
Товарды алып бара жаткан тарап анын оригинал экенин тастыктоочу документтерин көрсөткөн эмес.
Тюмень бажысынын Бажы көзөмөлү кызматынын жетекчиси Александр Решетниковдун билдирүүсүндө, мындай мыйзам бузуунун кесепетинен 22 миллион рублдик чыгым келтирилген.
Аталган факты боюнча РФтин Кылмыш жана жазык кодексинин 180-беренесине ("Товардык белгини мыйзамсыз пайдаланып, ири өлчөмдө чыгым алып келүү") ылайык кылмыш иши козголду. Күнөөлүүлөр эки жылга эркинен ажырап, 80 миң рубль өлчөмүндө айып төлөшү мүмкүн.
Бардык чогулган материалдар полицияга өткөрүп берилгени белгилүү болду.
Чет элдик жарандар ишке бардык санитардык талаптарды сактоо менен, бирок кыйынчылыгы жок алынышы керек. Россия өкмөтү бул боюнча өз сунуштарын 1-мартка чейин берет.