Таластагы жарылуу. Жабыркаган эки адам Бишкектин ооруканасына которулат

© Фото / пресс-служба Минздрава КРСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Таластагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалынан кабар алды
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Таластагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалынан кабар алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер зарылчылык жаралса Кара-Буура аймактык ооруканасындагы реанимацияда жаткан үч бейтап дагы Бишкекке алып келинери айтылды.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Таластагы тез тамактануучу жайдагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалынан кабар алып, алардын ден соолугу боюнча консилиум өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба Минздрава КРСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Таластагы тез тамактануучу жайдагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалынан кабар алып, алардын ден соолугу боюнча консилиум өткөрдү
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Таластагы тез тамактануучу жайдагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалынан кабар алып, алардын ден соолугу боюнча консилиум өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
1/2
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Таластагы тез тамактануучу жайдагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалынан кабар алып, алардын ден соолугу боюнча консилиум өткөрдү
© Фото / пресс-служба Минздрава КРАга ылайык, министр Кара-Буура жана Талас аймактык ооруканаларына барып медициналык жардам алып жаткандардын ден соолугун сураган
Ага ылайык, министр Кара-Буура жана Талас аймактык ооруканаларына барып медициналык жардам алып жаткандардын ден соолугун сураган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ага ылайык, министр Кара-Буура жана Талас аймактык ооруканаларына барып медициналык жардам алып жаткандардын ден соолугун сураган
1/2
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Таластагы тез тамактануучу жайдагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалынан кабар алып, алардын ден соолугу боюнча консилиум өткөрдү
2/2
Ага ылайык, министр Кара-Буура жана Талас аймактык ооруканаларына барып медициналык жардам алып жаткандардын ден соолугун сураган
Ага ылайык, министр Кара-Буура жана Талас аймактык ооруканаларына барып медициналык жардам алып жаткандардын ден соолугун сураган.
"Консилиумдан кийин жабыркаган Талас аймактык ооруканасындагы реанимацияда жаткан эки адамды Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жөнөтүү чечими кабыл алынган", — деп айтылат маалыматта.
Эгер зарылчылык жаралса Кара-Буура аймактык ооруканасындагы реанимацияда жаткан үч бейтап дагы Бишкекке алып келинери айтылды.
Бейшеналиев жабыркагандарга керектүү медициналык жардамды берип, аларды дары-дармек менен камсыз кылуу тапшырмасын берген. Ошондой эле бардык адистердин катышуусу менен консультация уюштурууну табыштаган.
Бишкекский научно-исследовательский центр травматологии и ортопедии - Sputnik Кыргызстан
Денесинин 82%ы күйгөн. Таластагы жарылуудан жабыркагандардын абалы айтылды
Эске салсак, 4-январь күнү Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы "Шаурма City" тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан.
Кырсыктан 11 адам жабыркап ооруканага түшкөн. Алардын арасында бир жаш бала дагы бар эле. Жарылуунун келип чыгышына газ баллонду колдонууда өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин бузулушу себеп болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0