Кыргызстандын тоолорунда жоголгон үй-бүлө табылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүПарктта эс алууда үй-бүлө. Архив
Парктта эс алууда үй-бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлө башчысы жеке чарбачылыкты кайтарып иштейт. Ал энесине телефон чалып, тоодо байланыш начар болгондуктан кабарлаша албай жүргөнүн билдирген.

БИШКЕК, 25-дек. – Sputnik. Кыргызстандын тоолорунда жоголуп кеткен бир үй-бүлө табылды. Бардыгы аман-эсен. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

Буга чейин 2020-жылдын сентябрь айында Николай Дививи кош бойлуу жубайы жана үч баласы (11, 6 жана 5 жашар) менен Ош жана Жалал-Абад облустарынын чектешкен жериндеги тоого кетип, ошондон бери байланышка чыкпай жатканы кабарланган.

Издөө иштерине ыктыярдуу уюмдар менен милиция тартылган.

"Изделип жаткан Николай Дививи 24-декабрь күнү кечинде энеси менен байланышып, бардыгы жакшы экенин билдирген. Үй-бүлө Ош жана Жалал-Абад облустары чектешкен аймактагы тоолордо жашап жеке чарбачылыкты кайтарышат экен. Дививи тоодо байланыш начар болгондуктан туугандарына телефон чала албай жүргөнүн билдирген", — дешти милициядан.

"Совет общественной безопасности" ыктыярчылар уюмунан билдиришкендей, Дививинин жубайы төрөп, эми үй-бүлөдө төрт бала болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0