Күлкү болгон биометрикалык паспорттор апрель айында бериле баштайт

© Фото / пресс-служба ГРС Жаңы биометрикалык паспорттун үлгүсү
Жаңы биометрикалык паспорттун үлгүсү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамкаттоонун төрагасынын орун басары билдиргендей, жарандар азыркы паспортторун деле мөөнөтү бүткүчө колдоно алышат. Бирок биометрикалык паспорт талап кылган өлкөлөргө кире алышпайт.

БИШКЕК, 21-дек. – Sputnik. Жаңы биометрикалык паспорттор 2021-жылдын апрель айынан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эски паспортунун мөөнөтү бүтө электер документин жаңыга алмаштырбай койсо деле болот.

"Азыркы паспорттор акыркы мөөнөтүнө чейин жарактуу, тагыраагы, берилген күндөн тартып 10 жылга чейин колдонсо болот. Бирок жаран биометрикалык паспорт талап кылган өлкөлөргө чыга турган болсо, анда документти алмаштырууга туура келет", - деди Батырканов.

Мамкаттоо жаңы документтин үлгүсүн 15-декабрь күнү көрсөткөн. Соцтармактын колдонуучулары паспорттун дизайнын, сыртындагы шакекчелерин шылдыңга алышкан. Ал эми мекеме документтеги ар бир сүрөттүн деталдары коргоочу элемент экенин маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0