16:11 30 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7888
  • EUR96.2310
  • RUB1.1321
Коом
Кыскача шилтеме алуу
244 0 0

Академиктин 2020-жылдын 29-февралына чейинки эмгектери камтылып, тынымсыз 67 жыл 181 күн иштегени жазылган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев дүйнөлүк рекорд жасаганын тастыктаган Гиннестин рекорддор китебинин дипломун алды. Бул туурасында Улуттук хирургия борбору Facebook баракчасына жазды.

Анда Мамакеевдин 2020-жылдын 29-февралына чейинки эмгектери камтылып, тынымсыз 67 жыл 181 күн иштегени жазылган.

Гиннестин рекорддор китебинин эксперттери дипломду өздөрү келип академикке тапшырышы керек эле, бирок коронавирус пандемиясынан улам мүмкүн болбой калган. Диплом экспресс-почта аркылуу жөнөтүлгөнү маалым болду.

Мамбет Мамакеев 93 жашта, ушул күнгө чейин операция жасайт. 1927-жылы Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. 15 миңден ашуун операция жасап, 100 миңдей оор абалдагы бейтаптарга консультация берген. Бир нече илимий иштердин, дарылоо ыкмаларынын автору.

Айтылуу хирург 90 жашка чыкканда Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу материал даярдаган.

Тема боюнча

Мамбет Мамакеев, Омор Султанов баштаган залкарларга Манас ордени ыйгарылды. Тизме
Белгилер:
Мамбет Мамакеев, Гиннес китеби, диплом, хирург

ЭҢ МААНИЛҮҮ