23:09 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Коом
Кыскача шилтеме алуу
166 0 0

Факт Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча каттоого алынды.

БИШКЕК, 24-ноя. – Sputnik. 2006-жылы жеке менчикке мыйзамсыз негизде 4,2 гектар жер берилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2006-жылдын 29-июнунда Бишкек мэриясынын токтому менен 4,2 гектарлык эки участок бириктирилип, мыйзамсыз негизде курулуш компаниясына көп кабаттуу "Салам" турак жай комплексин курууга берилген.

Бирок текшере келгенде аталган жер Советтер Союзу учурунда эле шаардык сейил бак үчүн бөлүнүп, бекитилгени аныкталган. 4,2 гектар жердин баасы 271 миллион сом деп бааланууда.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча каттоого алынды. Октябрь райондук прокуратурасы жерди мамлекеттик менчикке кайтаруу өтүнүчү менен сотко кайрылды.

Тема боюнча

Мэрия Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын тагдырын чечмей болду
Арча-Бешикте жок адамдын атына жер тилкеси катталган. Иш козголду
Белгилер:
кылмыш, мэрия, бузуу, жер, мыйзам, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ