Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап бир топ ийгиликтерге жетишкен.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын гимнинин сөзүн жазган авторлордун бири Шабданбек Кулуев 78 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.
Ал оорусунан улам эки жумадан бери ооруканада дарыланып жатканы айтылат.
Шабданбек Кулуев Нарын облсунун Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган. Ал эмгек жолун мугалимдиктен баштап бир топ ийгиликтерге жетишкен. 1992-жылы Жалил Садыков менен биргеликте Кыргызстандын гимнинин сөзүн жазган.
Акынга 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги" төш белгиси, 2011-жылы "КРдин эл мугалими" ардактуу наамы ыйгарылган.
Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында бүйүр кызыткан аламан улак өттү. Билегинде күчү бар эрендер 70 килограммдык торпокту жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.