02:29 27 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7990
  • EUR101.0465
  • RUB1.1239
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1249530

Төрт жыл мурун Санжар Маматов болгону 18 жашта эле. Абройлуу жогорку окуу жайын таштап, жумуш издеп кирет. Ишке кире албайт. Бирок жаш жигит чочулап артка кылчактабайт...

"Университеттеги окуумду уланта берсем билим алууну унутуп, ата-энесинин акчасын компьютердик оюндар жана кыздарга коротчу жогорку курстагылардын бири болуп калмакмын", — дейт 22 жаштагы ишкер.

Жаштыгына карабай азыр Санжар Маматовдун жолу турмуштук тажрыйбасы мол чоң кишилердикиндей. Программалоо мектебин жетектейт, окуу программаларын иштеп чыгуу менен алек. Мектеп окуучулары үчүн эл аралык сынак өткөрүүгө кам урууда.

— Сиз туурасында өзүңүздөн угалы.

— 22 жаштамын. Бишкекте медиктердин үй-бүлөсүндө туулгам. Мындан улам алардын жолун жолдогонум туура болмоктур, бирок ата-энем бала кезден мени медицинага баруудан айнытып келишкен. Атам гематолог болуп иштейт, башкача айтканда, канга байланышкан кеселдерди дарылайт. Ал эми бул бөлүмдө өлүм көрсөткүчү жогору.

Ага акыркы баскычтагы бейтапты алып келишет, кушеткада жаны үзүлөт. Анан, албетте, туугандары ушул абалга жеткенче ооруканага көрсөтпөгөн өздөрүн эмес, врачты айыптап киришет. Атам менен апамдын ушундай сүйлөшүүлөрүн угуп чоңойдум. Ата-энем өлүм аралашкан, адамдар жакшылыкты билбеген, анысы аз келгенсип маянасы төмөн турмушту мага ыраа көрүшпөдү. Атамдын өзүнөн жогорку кызматтагылар менен жаңжалдарына көп күбө болдум. Ошондо башка бирөөгө иштебейм, өз ишимди түптөйм деп чечкем. 

Руководитель школы программирования, программист и успешный предприниматель Санжар Маматов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Төрт жыл мурун Санжар Маматов болгону 18 жашта эле. Абройлуу жогорку окуу жайын таштап, жумуш издеген.

— Программист адистиктигин өздөштүрүүгө аттанганыңызда бул Кыргызстанда тургай бүт дүйнөдө эң көп төлөнгөн кесипке айланарын болжогон белеңиз?

— Жок. Башынан эле Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырып, бизнес башкаруу боюнча окугум келчү. Экзаменди ийгиликтүү тапшырдым, бирок мага 50 пайыз гана арзандатуу беришти. Башкача айтканда, жылына 3500 доллардын тегерегинде төлөөгө тийиш элем.

Ошондо "Россотрудничество" программасы боюнча дагы бир университетке өткөн элем. Жыл сайын Россия Федерациясы ар кыл жогорку окуу жайларга көп орун бөлөт. Мен да ошол программа менен IT багыты боюнча Томск мамлекеттик университетине бюджетке өттүм. Ал жакта билим алууну алда канча келечектүү деп ойлоп, Россияга аттандым.

— Томскиде билим алуу сизге кымбатка түштүбү?

— Жок, окуу акысыз болчу, ал түгүл 3000 рубль стипендия да берилчү. Жатаканада жашадык, ага жылына 300 рубль гана төлөчүбүз. Ошону менен бирге эле мынча жыл тигил же бул жакта иштейсиң деген шартты коюшкан эмес.

— Менин ата-энем жатаканадагы жашоосунан баян салып калышчу. Менимче, нерви жукалар жашай албайт го. Мисалы, таракандан аябай чочулайм, куурулган картошкасы менен көмөч казанды уурдап кетишсечи деп коркмокмун.

— Таракандар болуп келген, азыр да бар. Аларды эмне менен гана ууландырбадык! Күндө 10 таракан көрөмбү же жумасына бирдиби, кеп ошондо. Ал эми тамак боюнча маселе жаралчу эмес. Муздаткычыбыз, кичи толкундуу меш, мультиваркабыз бар эле. Кээ бирөөндө дубалга илинген телевизор турчу. Алардын баарын студенттер өздөрү сатып алып, кийин кенже курстарга сатып кетишкен.

Негизи Томскинин тургундары абдан жайдары, КМШнын бардык өлкөлөрүнөн келген жарандар жашайт. Бул калаа мени да өзгөрттү, мурдагыга караганда ачык-айрым боло түштүм. Бишкекте 61-мектепте окугандыктан, сабактан баш көтөрө алчу эмесмин. Ал эми Томскиде баарлашууга, адамдарга "жок" деп айтууга көнө баштадым. Үч бала менен бир бөлмөдө жашаганда бул сапат абдан маанилүү.

— Жатаканада тартип катуубу?

— Маселен, тамеки чегүүгө, спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынат. Кыздар өзүнчө, балдар өзүнчө жашайт. Жатакана толук камера менен жабдылган, эгер жигит кыз менен бир бөлмөдө түнөсө, аларды дароо жатаканадан чыгарып коюшат. Тартип катуу, бирок ал деле студенттерди ооздуктабайт. Көбү ага деле карабай эрежелерди бузушчу.

— №61 мектеп республикадагы мыкты мектептердин бири эмеспи. Мындай пайдубал менен Томскиде окуу жеңил болгондур...

Кыргызстандык виолончелистка Нурмира Салимбаева
© Фото / из личного архива Нурмиры Салимбаевой
— Математикадан кыйналган жокмун, бирок информатика боюнча билимим жетишерлик болбоду. Анткен менен максаты түшүнүксүз предметтер өтө көп эле. Көбүрөөк практика болсо дегем. Окуу тез эле зериктирип койду мени. Окууга кызыгуум артып же таптакыр эле жаштыкка алдырып коюшум мүмкүн болчу. Тапшыра албай калган сынактары көп жогорку курстун студенттерин кезиктирдим, бирок алардын баары ата-энесинин акчасын коротуп, бош убактысынын баарын компьютерде, кыздар менен сүйлөшүп өткөрүшчү. Биринчи курстун аягында окугум келбей калды. Ата-энеме телефон чалып кайтарымды кабарладым. Бишкектеги бир окуу жайга тапшырып, программалоону өз алдынча окуй турганымды айттым. Алар өзүң чеч деп кеңеш беришти.

Үйгө кайтканымда оңой болгон жок: айланамдагылардын баары мага басым кылышты. Белдүү окуу жай эле, кызыктуу багыт эле дешти. Айтор ушундай сөздөр көп болду.

— Бишкекте өз ордуңузду табыш жеңил болдубу?

— Жок, бирок ошондой болушуна даяр болчумун. Политехке бюджеттик бөлүмгө өттүм, бирок окуу анчалык натыйжалуу болбоду. Томскиде жарым жылда өткөнүбүздү бул жакта үч жылга созуп беришти.

Өзүм интернетте ар кыл курстарды кезиктирдим, бирок эмнени кантип өздөштүрүүнү түшүндүргөн киши жок татаал экен. Кудай жалгап Бишкектен жакшы курс таап алдым, ошол мага чоң түрткү болду. Акыры программалоо эмне экенин түшүндүм. 

Руководитель школы программирования, программист и успешный предприниматель Санжар Маматов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаштыгына карабай азыр Санжар Маматовдун жолу турмуштук тажрыйбасы мол чоң кишилердикиндей

— Дароо эле жумуш таба алдыңызбы?

— Жок. Чынын айтсам, бирөөгө жалданып иштеген тек жумушум — тогузунчу класста официант болгонум. Адегенде call-борборго кирип, программист катары такшалайын дедим, бирок эч бир жер мени жумушка албады. Ошондо жеке ишимди ачууну чечтим.

Болгону 18 жашта элем, өз бизнесимди түптөөнү самачумун. Таякчанын учундагы курут жасасамбы деп да жүрдүм бир кезде. Бирок демилгелерим улам ишке ашпай калат, себеби чочулабай кое албайсың. Ишке орношо албай койгон соң баштоого тийиш экенимди аңдадым. Ошентип балдарга программалоону үйрөтүүчү курсту ачтым.

— Бизнес ачууга кайдан каражат таптыңыз?

— Алгачкы салым үчүн мага болгону 5000 сом керектелди! 2500 сомуна "Minecraft аркылуу программалоону үйрөнүү" китебин интернеттен сатып алдым. Бул балдарды компьютердик оюндун жардамы менен окутуу үчүн эң зарыл китеп! Адегенде акысыз эле көчүрүп алайын дегем, бирок анте албай каражат сарптоого туура келди.

Калган акчаны популярдуу "Инстаграм" баракчаларына жарнамалоого жумшадым. Биринчи залды тааныштар менен сүйлөшүп, ижарага акысыз алдым. Дем алыш күндөрү ал баары бир бош турчу. Башта болгону үч гана окуучум болгон. Алардын кызыгуусун байкаганымда туура багытта баратыпмын дедим. Ошол убакта, тагыраак, 2016-жылы мындай мектептер жокко эсе эле. Рынокто болгону төрт оюнчу болсо, азыр алардын саны кеминде 80ге жетет.

— Ишиңиз дароо эле жүрүшүп кеттиби?

— Жок. Маселен, дизайнды өзүм жасагам, өтө эле жагымсыз чыккан. Кээ бир иш колумдан келбей турганын, билген кишиге жасатканым туура экенин түшүнүүгө көп убакыт кетти.

Кесипкөйлөр командасын топтогонумда иштерим өр алды. 4 жыл ичинде биз 2 миң чакты баланы окуттук. Коронавирус эпидемиясына дейре Бишкекте 7 филиалыбыз иштечү.

— Эң жогорку айлык кирешеңиз канча болду эле?

— Эгер кирешеге карасак, болжол менен 300-350 миң сомду түзгөн. Бирок андан чыгымдарды алып салсак, пайдабыз болгону анын 30 пайызын түзөт. Башкача айтканда, 300 миң сом тапсак, биздин кирешебиз 90 миң сомду гана түзүп, калганы чыгымдар.

— Окутуучуларды кантип таптыңыз?

— Былтыр жаңы филиалды ачуу үчүн дароо 8 мугалим керек болду. 80 тапшырык түштү, алардан биз араң үчөөнү тандап алдык. Абдан татаал иш! Тажрыйбасыз адамдын балдар толо класска киргенин элестетсеңиз. Анан да балдардын алдында компьютер. Аны ким угат?

Жыныстык айырмалоого айыптабаңыздар, бирок, менимче, бул кесип жигиттерге караганда кыздарга ылайыктуу. Жаш балдар ишке жоопкерчиликсиз келишет, алар сабакка кечигип же даярданбай келиши мүмкүн. Кыздар бул иште алда канча тың келишет.

— Мына кызык, сиздин жарыяңызга 80 тапшырык келиптир, кадимки мектептерге эмнегедир анчалык ашыгышпайт.

— Мектепте иштөө үчүн сөзсүз жогорку билимге, анан да педагогикалык кесипке ээ болуу зарыл. Бизге андайдын анчалык зарылдыгы жок, студенттер менен иштешебиз. IT адистиги боюнча окуп-окубаганы да маанилүү эмес, башкысы, биздин аттестациядан өтсө болду. Экинчиден, айлык маселеси. Мугалим бир сабак үчүн 50 сомдон алат. Ал эми мындай курстарда окутуучунун бир сааттык маянасы 250-300 сомду түзөт. Мындан тышкары, мектептерде толук жумушчу күн. Болгондо да бир класста 30-40 окуучу бар. Анан, албетте, андай шартта иштөө аябай кыйын. 

Руководитель школы программирования, программист и успешный предприниматель Санжар Маматов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Учурда мектеп окуучулары үчүн эл аралык сынак өткөрүүгө кам урууда

— Сиздердин курстарда окуган балдар дароо иш таба алат деп айтууга болобу?

— Ишмердигимдеги эң чоң мүчүлүштүктөрдүн бири ушуга байланышкан. Биз курсту ачууга дээрлик бир жыл сарптадык. Аны иштеп чыгууга көп адистер тартылды, жыйынтыгына баарыбыз суктанганбыз. Ал эми эки-үч айдан кийин окуучулардын жарымы келбейт, себеби аларга кызыксыз боло түшөт. Группада 2-3 окуучу, курс кирешесиз. Анткени программа абдан оор болуп калды. Эч кимге кереги жок өндүрүм иштеп чыкканыбызды моюнга алдык. Себеби балдарга иштеп акча табуунун зарылдыгы жок. Алар мектептеги сабакка басым кылууга тийиш. Биздин сабакка кызыгып кетип, убактысынын көбүн курска арнаган окуучулар бар эле. Бирок мектепте кыйналып калышат. Албетте, ата-энелер буга нааразы болуп, компьютерге анчалык убакыт кетирүүгө тыюу салышат.

Анткен менен окуучуларыбыздын көпчүлүгү олимпиадаларда программалоо боюнча биринчи орундарды ээлешти. Алтынчы класстагы бир окуучубуз россиялык нике агенттиги 5 миң рублге сайт буюртма кылышканын айтып, мени менен бул туурасында акылдашты. Кичинекейлигине карабай кантип ал агенттик менен макулдашканын билбейм, жашы тууралуу жашырып койсо керек.

— Коронакаатчылык сиздин ишиңизге кандай таасир этти?

— Былтыр декабрда эле борбор калаада дагы кеңейтүүнүн кереги жок экенин түшүнүп, аймактарга же башка өлкөлөргө жайылтууга болорун ойлонгонбуз. Бирок бул оңой-олтоң иш эмес, чыгымы да бир топ. Коронавирус бизди ыкчам ыргакта изденүүгө түрттү.

Пандемия башталганда жаңы долбоорду — программалоону балдарга үйрөтө турган онлайн-оюнду иштеп чыгууну пландадык. Окутуу квесттеринен бирге өтө турган каарман бар анда. Бул программаны үч апта мурун ишке киргиздик. Азыр тестирлөөдөн өткөрүп, каталарын оңдоп, толуктап жаткан чагыбыз.

Адатта биз программаны таратуу менен алектенбейбиз, бирок ага карабастан эмитен эле миңден ашуун колдонуучу кошулду. Биз шилтемесин информатика мугалимдерине жөнөтүп койдук эле, алар окуучуларына көрсөтүптүр.

— Угушумча, балдар арасында олимпиада уюштурууга ниеттенип жатыпсыз?

— Ооба, былтыр мындай сынакты өткөргөн жайыбыз бар, миңдин тегерегинде окуучу катышкан. Балдар өз оюндарын, мультфильмдерин түзүп чыгышкан. Калыстар финалисттерди тандап, ноутбук менен сыйланышты.

Быйыл Кыргызстандан гана эмес, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан да балдар катыша алгыдай бүтүндөй Борбор Азия боюнча таймаш өткөрүүгө белсенип, 5-класстан 11-класска чейин 20 миң окуучу катышат деп болжоп турабыз.

Көп үй-бүлөдө компьютер жок болгондуктан, балдар интернетке кошулчу уюлдук телефон менен эле катыша ала тургандай шарт түздүк. Сынакка балдардын көп катышканы биз үчүн маанилүү.

Байге фонду 5 миң долларды түзөт, ал эми жеңүүчүлөр ноутбукка ээ болушат. Дарамети жогору, жөндөмдүү балдарды таап, дагы окуп, билимин өркүндөтүп алышына шарт түзгүбүз келет. Программалоо татаал деген көндүм пикирди жокко чыгарууга, балдардын бул багыт жеңил жана кызыктуу экенине ынандырууга умтулабыз.

Тема боюнча

Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармакты тандоо зарыл
Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги
Белгилер:
бизнес, студент, программист, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ