Коронавирустан дарыланып жаткандардын ичинен 113 бейтаптын абалы өтө оор

© Sputnik / Андрей Каспришин / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ооруканада бейтаптардын бөлмөсүндө
Медициналык кызматкер ооруканада бейтаптардын бөлмөсүндө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык штабдын маалыматына таянсак, стационарда медициналык жардам алып жаткан бейтаптарга караганда үйдөн дарыланып жаткандар көп.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 3 136 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Стационарда дарыланып жаткандардын ичинен:

  • 52 — канааттандырарлык абалда;
  • 2 074 — орточо оор абалда;
  • 897 — оор абалда;
  • 113 — өтө оор абалда.

Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 980 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0