Адвокат Жээнбековдун кабинетинен табылды делген Атамбаевдин видеосун жарыялады

© Фото / секретариат СДПКИнтервью экс-президента Алмазбека Атамбаева
Интервью экс-президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жактоочунун айтымында, Ак үйдөгү президенттин кабинетине кирген жаран "АША - Слесарев - 42 минут" деп жазылган дискти таап алган.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев менен абактагы жолугушуусу жашыруун камерага тартылып алынган. Бул туурасында Атамбаевдин экинчи адвокаты Замир Жоошев билдирип, видеосун жарыялады.

Анын айтымында, жарандардын бири 6-октябрга караган түндөгү башаламандык маалында Ак үйдөгү президенттин кабинетине кирип, "АША - Слесарев - 42 минут" деп жазылган дискти таап алган. Андан соң ал адвокат менен байланышып дискти берген.

“Facebook баракчама бирөө бир ай мурда жазган экен, тилекке каршы, ага эми эле жооп бердим. Ал дискти бергенден кийин өзүнүн коопсуздугу үчүн аты-жөнүн жашыруун бойдон калтырууну аябай суранды. Дисктен мурдагы президент менен адвокаттын УКМКнын тергөө абагындагы жолугушуусун көрүүгө болот. Видеонун узактыгы 42 мүнөт. Кыскача айтканда, жолугушуу учурунда Алмазбек Шаршеновичтин оорусу (пневмония), кылмыш иштери, тергөө, соттук териштирүүлөр боюнча адвокаттардын кийинки кадамдары тууралуу кеп болгон”, — деп жазган Жоошев.

Ал ошондой эле бардык адвокаттар аларды тыңшап жатканын билишчү, бирок далилдей албай келишкенин белгилейт. Эми расмий далилдер чыкканына токтолгон адвокат жашыруун камера орнотуу боюнча эртең Башкы прокуратурага арыз жазып, кылмыш ишин козгоо талабын коерун айтты.

Соңунда Жоошев өлкө мыйзамдары боюнча шектүү же айыпталуучу өзүнүн жактоочулары менен өз алдынча эч ким тыңшабаган шартта жолугушууга укуктуу экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0