Кайра көбөйө түштү. Бир суткада 527 кишиден коронавирус аныкталды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада иш учурунда
Медициналык кызматкерлер ооруканада иш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунда катталган. Бир суткада бул эки аймактан медиктерден дагы оору табылган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 527 кишиден коронавирус аныкталды. Ошол эле маалда 518 бейтап оорудан айыккан. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 108;
  • Ош – 51;
  • Чүй облусу – 97;
  • Ош облусу – 36;
  • Талас облусу – 15;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 59;
  • Жалал-Абад облусу – 105;
  • Баткен облусу – 49.

Пандемия убагында эң кооптуу делген жайлар айтылды

Айыккандар:

  • Бишкек – 95;
  • Ош шаары – 20;
  • Чүй облусу – 38;
  • Ош облусу – 69;
  • Талас облусу – 21;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 59;
  • Жалал-Абад облусу – 108;
  • Баткен облусу – 104.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандарын саны 64 887ге жетип, анын 55 824ү айыкты. Тилекке каршы, каза тапкандардын саны 1 193 болду.

Карабаев: ковидди дарылоодо плазма куюу протоколдо көрсөтүлгөн эмес

Бир суткада Баткен облусунан бир, Жалал-Абаддан бир жана Бишкектен эки медик коронавирус илештирип алганы аныкталган. Ошол эле учурда жети ак халатчан ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0