Кыргызстанда коронавирустан беш адам кайтыш болду

© AP Photo / Valentin BianchiТез жардам кызматкери иш учурунда
Тез жардам кызматкери иш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир сутка ичинде Бишкек шаарынан үч адам коронавирустан акка моюн сунган. Ал эми Талас менен Баткенде бирден киши каза болгон.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус өлкө боюнча беш адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Көз жумгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. 

Каза болгондор:

  • Бишкек – 3;
  • Баткен облусу – 1;
  • Талас облусу – 1.

COVID-19га кабылган бейтаптарга Кызыл жарым ай коому жардам берүүдө

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1 155 адам коронавирусту жеңе албай, өмүр менен кош айтышкан.

Жуктургандардын саны Кыргызстанда 59 879га жетсе, анын ичинен 50 741и ооруну жеңди.

Жаңылыктар түрмөгү
0