БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Республикалык штаб кайсы аймакта канча киши коронавирустан көз жумганын айтып, облустардагы статистиканы жарыялады.
Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө коронавирустан 1 111 адам каза тапкан. Анын ичинен көбү, тагыраагы, 547си Бишкекте.
Коронавирустан көз жумгандар:
- Бишкек шаары — 547;
- Ош шаары — 66;
- Чүй облусу — 142;
- Ош облусу — 79;
- Талас облусу — 30;
- Нарын облусу — 64;
- Ысык-Көл облусу — 83;
- Жалал-Абад облусу — 62;
- Баткен облусу — 38.
Коронавируста бөйрөк оорусу өлүм коркунучун эки эсеге жогорулатат
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 52 526га жетти. Анын ичинен 45 863 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.