Ат-Башыда демөөрчүлөр Памирден келген бүлөгө там салып беришти. Сүрөт

© Фото / Азима ЖекишоваАт-Башыдагы памирлик кыргыз үй-бүлөсүнө курулган төрт бөлмөлүү үй
Ат-Башыдагы памирлик кыргыз үй-бүлөсүнө курулган төрт бөлмөлүү үй  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик миграция кызматы Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн 11 турак жай курулуп жатканын кабарлаган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ат-Башынын Терек-Суу айылында жашаган памирлик кыргыз үй-бүлөсүнө демөөрчүлөр төрт бөлмөлүү үй куруп беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аймактык кабарчы билдирди.

© Фото / Азима ЖекишоваАт-Башынын Терек-Суу айылында жашаган памирлик кыргыз үй-бүлөсүнө демөөрчүлөр төрт бөлмөлүү үй куруп беришти
Ат-Башыда демөөрчүлөр Памирден келген бүлөгө там салып беришти. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башынын Терек-Суу айылында жашаган памирлик кыргыз үй-бүлөсүнө демөөрчүлөр төрт бөлмөлүү үй куруп беришти

Анын айтымында, Хабибилла Мухамматкул уулу Кыргызстанга Кичи Памирден 2018-жылы келген.

"Ал эки жылдан бери Терек-Суу айылында үй-бүлөсү менен батирде жашачу. Айылдагы демөөрчүлөр ага төрт бөлмөлүү үй куруп, 19-октябрда ачкычын тапшырышат", — деп айтылат кабарчынын маалыматында.

Мамлекеттик миграция кызматы Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн 11 турак жай курулуп жатканын кабарлаган. 10 миллион сом сарпталган үйлөрдүн курулуш иштери аяктап калганы кошумчаланды.

Жаңы салынып жаткан үйлөргө Нарын шаарында жашап жаткан жети памирлик үй-бүлөнү көчүрүп кетүү пландалууда.

Пандемияда памирлик кыргыздар кантти? Кандаштардын азыркы абалы

Эске салсак, 2017-жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз өкмөт тарабынан Кыргызстанга көчүрүлүп келген. Алар учурда Нарын шаарында жашап жатышат. Кийин, 2018-жылы жазга жуук, дагы бир нече адам, 2019-жылы дагы 10 үй-бүлө келген. Учурда памирлик кыргыздардын ичинен эки бала Ош мамлекеттик университетинде билим алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0