Пандемияда памирлик кыргыздар кантти? Кандаштардын азыркы абалы

© Фото / Айнура Дуйшок кызыНарын районунда жашаган памирлик кыргыздар. Архив
Нарын районунда жашаган памирлик кыргыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстандын аймагында 102 памирлик кыргыз жашап жатат. Алардын 41и Нарын облусунда, тогузу Чүйдө, калганы Алай районунун Сары-Могол айылындагы мектептин имаратында күн кечирип келишет.

Кыргызстанга памирлик кыргыздар 2017-жылы октябрь айында өсүп келе жаткан балдарды окутуу үчүн өкмөттүн демилгеси менен атайын буйруктун негизинде алып келинген. Алгач жети үй-бүлөдөн турган 33 памирлик кыргыз, ошол эле жылдын аягында дагы үч үй-бүлө көчүп келген. Кийин 2018-2019-жылы да Памирден кыргыздар алып келинген. 2018-жылы жайында эки үй-бүлө Памирдеги туугандарын сагынганын айтып, күзүндө келүүнү убадалап кайра кетишкен. Кийин алар каражат жок келе албай калышкан. Ошентип азыр жалпы Кыргызстандын аймагында 22 үй-бүлө жашап жатат.

© Фото / пресс-служба Государственной службы миграцииКыргызстанга памирлик кыргыздар 2017-жылы октябрь айында өсүп келе жаткан балдарды окутуу үчүн өкмөттүн демилгеси менен атайын буйруктун негизинде алып келинген
Пандемияда памирлик кыргыздар кантти? Кандаштардын азыркы абалы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга памирлик кыргыздар 2017-жылы октябрь айында өсүп келе жаткан балдарды окутуу үчүн өкмөттүн демилгеси менен атайын буйруктун негизинде алып келинген

Sputnik Кыргызстан агенттигин Кыргызстандагы памирлик кыргыздардын, ошондой эле Улуу жана Кичи Памирдеги кандаштардын пандемия маалындагы абалын, саламаттыгын сурап билди.

КРдин Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова пандемия маалында Кыргызстанга көчүп келген памирлик кыргыздардын арасында коронавирус жуктургандар болбогонун айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова
Пандемияда памирлик кыргыздар кантти? Кандаштардын азыркы абалы - Sputnik Кыргызстан
КРдин Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова
"2020-жылы памирлик кыргыздардын тамак-ашына, керектөөсүнө, коммуналдык төлөмдөрүнө респубикалык бюджеттен эки миллион сом бөлүнгөн. Анын ичине дары-дармекке кетчү каражат да кирген. Бирок алар үч жыл мурун кайрылман статусун алгандыгына байланыштуу дары-дармек жергиликтүү медициналык пункттардан бекер эле берилип жатат. Карантин убагында облус аралык жолдор жабык болуп аймактардагы памирлик кыргыздарга бара алган жокпуз. Ошентсе да телефон аркылуу байланышып турдук. Абалдары жакшы, пандемияда коронавирус менен ооругандар катталган жок", — деди Мамбетова.

Ошто памирлик кыргыздарга үйлөр курула баштады

Ал эми Памирдеги кыргыздарга Миграция кызматы 2020-жылдын июнь айында гуманитардык жардам жеткирип барган.

© Фото / Нурзада Дуйшок кызыНаарын шаарында турган памирлик кыргыздар
Пандемияда памирлик кыргыздар кантти? Кандаштардын азыркы абалы - Sputnik Кыргызстан
Наарын шаарында турган памирлик кыргыздар
"Биз июнда пандемия маалында Памирге бардык. Сураштырсак аларда дегеле тумоо жок экен. Кыргызстанга келгенде памирликтерге коронавирус жуктуруп алган жокпузбу деп кооптонуп байланышып турдук. Кудайга шүгүр, Памирде эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус менен катталгандар кездешкен жок", — деди Мамбетова.

Ал ушу тапта Ош облусунун Алай районунда жашаган 11 үй-бүлөнүн жарымына үй салынып жаткандыгын кошумчалады.

Ал эми Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыз Абдугафор Расул уулу дагы пандемия маалында оору-сыркоодон алыс болушканын билдирди.

© Фото / из личного архива Абдугафора Расул уулуНарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыз Абдугафор Расул
Пандемияда памирлик кыргыздар кантти? Кандаштардын азыркы абалы - Sputnik Кыргызстан
Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыз Абдугафор Расул
"Кудайга шүгүр, памирлик кыргыздардын арасында коронавирус инфекциясын жугузгандар болгон жок. Ооруканага да кайрылган жокпуз. Сыркоологон адамдар менен байланыш түзбөй, карантинде биз да абайладык. Намаз окуп, кудайдан оорунун кайтышын сурап жаттык. Дарыгерлер чалып, ал-акыбалыбызды билип турду. Тумоолоп калсак, дароо кабарлообузду айтышкан. Алайдагы туугандар да ооруган жок. Алар менен телефон аркылуу байланышып турабыз",— деди ал.

Рахманкул хандын алтын жана пилдин сөөгүнөн жасалган мөөрү. Үй-музейге саякат

Кыргызстандагы памирлик кыргыздар Памирдеги туугандары менен да дайым сүйлөшүп, акыбал сурашып турушат.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваКыргызстандагы памирлик кыргыздар Памирдеги туугандары менен да дайым сүйлөшүп, акыбал сурашып турушат
Пандемияда памирлик кыргыздар кантти? Кандаштардын азыркы абалы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы памирлик кыргыздар Памирдеги туугандары менен да дайым сүйлөшүп, акыбал сурашып турушат
"Памирге уюлдук телефондун антеннасы коюлган. Ал кээде тартпай калат. Ошол себептен он күндө же бир айда бир жолу туугандарыбыз менен сүйлөшүп турабыз. Жакында эле сүйлөштүм. Азыр ал жакта тойдун убагы. Кышында катуу суукта той болбойт. Ушу тапта той-тамаша, улак тартыш менен жүргөндөрүн айтышты. Коронавирус ал жакка жетпептир. Баары тынч, оору-сыркоодон алыс экен. Быйыл өлүм-житим да болбоптур", — деди Абдугафор Расул уулу.

Абдугафор Расулов 37 жашта жана үч кыздын атасы. Азыр Нарында эки кызынын бала-чакасы болуп үч үй-бүлө бир батирде турат. Батир акысын мамлекет төлөп берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0