Топко бөлүнбөйт, сабактар толук өтүлөт. 1-6-класстын окуусу боюнча 6 суроого жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар сабак учурунда. Архив
Окуучулар сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-октябрдан тарта 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар мектепке барып салттуу режимде окумай болушту, бирок пандемиядан улам алардын окуу тартиби бир кыйла өзгөргөн.

Белгилей кетсек, 1-класстар окуу жылы башталгандан тарта эле мектепке барып реалдуу режимде билим алып жатышкан. Бирок 6-октябрдан баштап алардын да окуу тартиби башкача боло турганы айтылды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги эпидемиялык кырдаалда окуучулардын мектепте билим алуу алгоритмине кызыгып, ата-энелер үчүн маанилүү делген 6 суроого жооп алды.

Суроолорубузга Билим берүү жана илим министрлигиндеги Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова жооп берди.

Сабактар кандай тартипте жүргүзүлөт?

Окуу процесси кадимки тартипте өтөт. Бирок 1-класстар окуу жылы башталганда киргизилген алгоритмге ылайык эмес, кадимки режимде окушат. Алсак, эми алар сменге да, топторго да бөлүнбөйт. Мурда бир сабагы 20 мүнөттөн эле болсо, эми бир сабагы 40 мүнөткө созулуп, күнүнө аларга 3-4 предмет өтүлөт.

Ал эми 2-6-класска чейинкилердин бир сабагы кадимкидей эле 45 мүнөткө созулуп, бир күндө 4-5 сабак өтүлөт.

Расписание жана график ар бир мектептин долбоордук сыйымдуулугуна жараша түзүлөт.

  • Окуу тартиби окуучулардын санына жараша уюштурулат. Мисалы, 200гө чейин окуучу болсо, алар бекитилген расписание боюнча билим алат;
  • Балдардын саны 200дөн 500гө чейин болсо, кадимки смендик окуу процесси уюштурулат;
  • 500 жана 500дөн жогору болсо, аралыгы эки сааттан кем эмес интервал менен смендик окуу процесси жүргүзүлөт.

Муну жөнөкөй тил менен түшүндүрүп кетсек, эгер мектеп чоң, мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда 1-2-3-класстын сабактары 8:00дө башталат дагы, калган 4-5-6-класстар 8:30да келиши мүмкүн. Эгер мектеп кичинекей болуп, кабинет аз болсо, анда 4-5-6-класстын окуучулары түштөн кийин 2-сменде билим алып калышат.

Бир класста окуучулардын саны өтө көп болсо, экиге бөлүнүп билим алышабы?

Экиге бөлүп окутканга мүмкүнчүлүк жок. Эгер бир класста 40тан ашык окуучу болсо, аларга чоңураак окуу бөлмөлөрү берилет. Колдон келишинче аралыкты сактоого аракет кылышат. Мындан тышкары, балдар предметтик класстарга көчүп окушпайт. Ар бир класска бирден окуу бөлмө бөлүнүп, ал танапис сайын желдетилип, күн сайын дезинфекцияланып турмакчы.

Көптү үйрөндүк. Онлайн окууну кызыктуу жумушка айлантып алган мугалимдер

Эгер мектепте окуучулардын саны 500-1000ден ашык болсо, аларга аралаш форматты сунуштап жатабыз. Анда табигый так илимдер предметтери реалдуу режимде мектепте окутулуп, гуманитардык сабактар аралыктан өтүлүшү ыктымал. Бул окуучулардын саны көп болуп, окуу бөлмөлөрү жетишпей калган учурда ишке ашышы мүмкүн.

Жеке менчик мектептер дагы ушул алгоритм боюнча билим алышабы?

Ооба, өкмөттүн 6-октябрдан тарта 2-6-класстардын окуусу реалдуу режимде башталат деген чечими жеке менчик мектептерге да тиешелүү. Ошондой эле алар биз көрсөткөн алгоритм боюнча иш алып барышат.

Санитардык талаптар кандай аткарылат?

Ар бир мектепке кол жууй турган бурчтар уюштурулуп, мугалим, окуучулар бет кап тагынышат. Сабак башталардын алдында жооптуу кызматкерлер балдардын дене табын өлчөп атайын журналга жазып турушат. Мугалим өзүнүн, балдардын ден соолугу тууралуу мектеп администрациясына айтып турууга милдеттүү. Сабактарды өткөрүүдө да өзгөчөлүктөр болот. Алсак, климаттык шарттарды эске алуу менен "Турмуш тиричилик коопсуздугу", "Мекен таануу", "Адеп", "Дене тарбия" сабактары таза абада уюштурулат.

Мектеп формасы кандай болот?

6-октябрдан тарта мектепке барып билим алчу окуучуларга окшош форма кийүү талабы коюлбайт. Анткени өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал баарыбызга маалым.

Балага мектепте басмырлоо болуп жатканын кантип билсе болот. Адистин кеңеши

Ар кандай шарттагы үй-бүлөлөр бар, аларды жакшы түшүнүп турабыз. Мындан улам балдардын үстү ак (көйнөк), алды кара (шым, юбка), башкача айтканда, классикалык форма менен мектепке жиберсе болот. Эч ким ата-энени кыйнабайт.

Оору жуктуруп алуудан корккон ата-энелер балдарын мектепке жибербей койсо болобу?

Мектеп пандемияны эске алып ата-энелерге тандоо укугун берди. Мектеп баланы реалдуу режимде да, аралыктан да окутууга даяр. Бирок ата-эне вирустан улам баласын окууга жибергенден коркуп, ага каршы болсо, анда мектеп менен келишим түзөт дагы баласын аралыктан окутат. Бул учурда баласына телеканалдарда өткөрүлүп жаткан телесабактарды көрсөтүп, мугалим берген тапшырманы аткартуу милдети ата-энеге жүктөлөт. Ата-эне баласын салттуу режимде окутам десе дагы мектеп менен келишим түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0