Оренбургга 3200дөй кыргызстандык чогулуп калды. Казакстан жооп бере элек

© Фото / Смагулов ТимурОренбург облусундагы орус-казак чек арасындагы убактылуу лагерь. Архив
Оренбург облусундагы орус-казак чек арасындагы убактылуу лагерь. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчилик казак тарапка сурам жиберген, оң жооп келсе мекендештер транзиттик коридор аркылуу автобус менен өтүшү ыктымал.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Оренбург облусундагы орус-казак чек арасында Россиянын шаарларынан жана Башкыртстан Республикасынан келген 3200дөн ашык кыргызстандык топтолуп турат. Бул туурасында КРдин Россиядагы элчилиги маалымдады.

Жакынкы аралыкта аларга Казакстан аркылуу "жашыл коридорду" уюштуруу пландалып жатканы айтылат.

"Кыргыз өкмөтү казак тарапка Казакстандын аймагынан өтүүгө транзиттик коридор ачып берүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү. Бул маселе боюнча жооп күтүп жатабыз. Учурда элчиликтин консулу мекендештерге барып тизме түзүп, бардык уюштуруу маселелерин чечип жатат. Транспорттук компаниялар менен автобустар боюнча сүйлөшүлүүдө. Азыр чек ара аймагында 3200дөн ашуун кыргыз жараны бар", — деп айтылат маалыматта.

Авиакаттам жанданса да Россиядан кыргызстандыктарды автобус менен ташуу уланат

Ошондой эле Оренбург облусунун жана Башкырстандын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ал жердеги кыргызстандыктарга шарт түзүү иштери жүрүп жатканы белгиленди. Ушул тапта Россия тарап аларды акысыз түрдө жатаканаларга, балдар лагерлеринин аймактарына жайгаштырды, мындан тышкары, чатыр лагери түзүлгөн. Айрымдары мейманканаларга жана жатаканаларга жайгаштырылды. Жарандарга үч маал бекер тамак берилип жатканы айтылды.

Ошону менен катары элчилик мекендештерге Казакстан чек арасын толук ача электигин эскертип, өз алдынча келип топтолбоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0