22:19 30 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.8000
  • EUR95.4770
  • RUB1.0311
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2345)
348 0 0

Сасык тумоо үч күндүн ичинде байкалат. Ошондой эле ал COVID-19га салыштырмалуу бат тарайт. Коронавирус өлүмүнүн көрсөткүчү сезондук тумоого караганда жогору болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Саламаттык  сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматтарына таянып, коронавирус менен сасык тумоонун окшоштуктарын жана айырмачылыктарын айтып берди. Бул тууралуу министрликтин социалдык тармактагы баракчасында жазылган.

Маалым болгондой, экөө тең жугуштуу илдеттердин катарына кирген менен вирустук козгогучтарында айырмачылыктар бар.

COVID пандемиясынан кийин жүрөк оорулуулар көбөйүшү мүмкүн

Коронавирус менен сасык тумоонун бири-биринен айырмачылыгы:

  • Сасык тумоонун орточо инкубациялык мөөнөтү (инфекцияга кабылып, оорунун белгилери байкалганга чейинки убакыт) жана генерация убагы (эки адам ортосундагы оору чыккан убакыт) аз;
  • COVID-19 илдетинин генерация убагы 5-6 күнгө созулат;
  • Сасык тумоо үч күндүн ичинде байкалат. Ошондой эле ал COVID-19га салыштырмалуу бат тарайт;
  • Сасык тумоонун жайылышындагы маанилүү элемент оорунун алгачкы 3-5 күнү. Тагыраагы, оорунун белгилери пайда болгонго чейин бейтаптын илдети жугуштуу;
  • COVID-19га кабылган он бейтап 20-25 кишиге оору жуктурушу мүмкүн. Бул сасык тумоого салыштырмалуу көп;
  • Балдар чоңдорго караганда коронавируска аз кабылат. 19 жашка чейинкилер арасында оорулуулардын көрсөткүчү өтө төмөн;
  • Коронавирустун 80 пайызы жеңил, 15 пайызы оор, беш пайызы өтө оор формада өтөт;
  • Балдар, кош бойлуу аялдар, кары-картаңдар, өнөкөт оорусу бар жана иммунитети начар адамдар сасык тумоону бат илештирип алышы ыктымал;
  • Коронавирус көбүнчө жашы өткөн жана өнөкөт оорулары барларга жабышат;
  • COVID-19 өлүмүнүн көрсөткүчү сезондук тумоого караганда жогору болушу мүмкүн.

Министрлик сасык тумоону дарылоодо дары-дармек, вакциналар бар экенин айтып, COVID-19га каршы 20дан ашуун вакцина иштелип чыкканын, бирок атайын дары-дармектер жана вакциналар жок экенин эскертти. Ошондой эле эки ооруну тең алдын алууда гигиеналык эрежелерди так аткаруу маанилүү экенин баса белгиледи.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2345)

Тема боюнча

Душман кете элек! Боронов COVID кесепети боюнча элге кайрылды. Видео
Россиялык окумуштуулар COVID-19 илдетин ИВЛсиз эле дарылоонун жолун тапты
Белгилер:
министрлик, белги, оору, коронавирус, сасык тумоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ