Жалал-Абад, Баткенге ички каттамдар жанданат

Жазылуу
Бишкек — Баткен — Бишкек багыты боюнча каттам 15-сентябрда жанданып, аны жумасына бир жолу (шейшемби күнү) ишке ашыруу пландалууда.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Жалал-Абад, Баткен облустарына ички каттамдарды жандандырууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Кыргызстан дагы эки өлкө менен авиакаттамын жандантты

Билдирмеге ылайык, Бишкек — Баткен — Бишкек багыты боюнча каттам 15-сентябрда жанданып, аны жумасына бир жолу (шейшемби күнү) ишке ашыруу пландалууда.

Ал эми Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек багыты боюнча каттам 18-сентябрда башталып, учактар жума күндөрү каттап турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0