Балдар видеороликтери менен укмуштай акча тапчубуз. Дасыккан ютубердин баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековПродакшн-компаниянын жетекчиси Нурлан Мирзаматов
Продакшн-компаниянын жетекчиси Нурлан Мирзаматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурлан Мирзаматов балдар сегментиндеги жакында эле өкүм сүрүп турган көрүнүштү "Жапайы Батыштын доору" деп атап коет. Кенедей наристелердин видеороликтери менен ойго келбегендей көлөмдө акча табышчу. Бирок азыр ютуберлердин кирешеси бир нече эсе төмөндөп кеткен.

Нурлан Мирзаматовдун ишканасында 50 чакты киши эмгектенет. Видеоролик жана мультфильм тарткан кыргызстандык продакшн-компания үчүн бул — кыйла олуттуу сандагы жамаат. Андан сырткары, ишкер жигит толук кинотасмаларды тартып, YouTube-сериал тартууга алгачкылардан болуп, билек түрүнүп турган чагы.

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

— Ошто чоңойдум, карапайым үй-бүлөдөнмүн. Кичине кезимде ата-энем эки башка жолго түшкөн. Апам — юрист, атам — аскер кызматкери.

— Ошто салтты абдан бекем кармашарын билем. Ата-энеңиздин ажырашканы сиздин турмушуңузга кандай таасир эткен?

— Мен кезек менен, бирде атамдыкында, бирде апамдыкында чоңойдум. Атам экинчи ирет үйлөндү. Абдан катаал киши, өгөй апам абдан жумшак жан. Унчукпай, айтып бергендеримди дайым тыңдаар эле. Ошондуктан атама караганда өгөй апам менен мамилебиз жылуу болчу.

Төрт саатта 800 миң сомдон кол жуугам... Бишкектик өжөр ишкердин маеги

Апам боорукер киши, мени эркелетип өстүрдү, түрк лицейинде билим алышымды аябай каалады. Атам, тескерисичинче, ага макул болбой, мектепке анча акча төлөштүн кажети не деп туруп алды (1999-жылы жылдык контракт 380 доллар болчу).

Бардык аскерлердей эле атам мамлекетке абдан ишенген, мамлекеттик мектептерден өтөрү жоктой сезилген ага. Акыры апам өзү менин окуумду төлөдү, дагы жакшы, мага 30 пайызга арзандатуу беришкен.

— Түрк лицейлеринде тартип өтө катуу деп угам.

— Катаал дебейин, бирок абдан олуттуу болчу. Таңкы 6.30да ойгонобуз, тамактанып, линейкага чыкчубуз. Анан саат үчкө чейин окуудабыз. Кечинде 10до жатмай, ошондой тартип менен беш жыл жашадык.

Мектепте биологияга кызыгып калдым. 10-класста республикалык олимпиадада жеңип, мени Австралияга жиберишти. Ал жакта мектеп окуучулары арасында биология боюнча эл аралык олимпиада өткөн. Орунга татыган жокмун, жөн гана катышып келдим.

11-класста да республикалык олимпиадада алдыңкы орунду алдым, бирок сыртка барган жокмун. Университетке тапшырууга даярданышым керек эле.

© Sputnik / Табылды КадырбековПродакшн-компаниянын жетекчиси Нурлан Мирзаматов: Түркияда экзамен тапшырыш өтө кыйын. Студентти окуудан чыгарып жибериштен эч ким чочулабайт. Анткени, окуу жайлар мамлекет тарабынан каржыланат. Алардын негизги милдети — жакшы билим берүү.
Балдар видеороликтери менен укмуштай акча тапчубуз. Дасыккан ютубердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Продакшн-компаниянын жетекчиси Нурлан Мирзаматов: Түркияда экзамен тапшырыш өтө кыйын. Студентти окуудан чыгарып жибериштен эч ким чочулабайт. Анткени, окуу жайлар мамлекет тарабынан каржыланат. Алардын негизги милдети — жакшы билим берүү.

— Түркиялык окуу жайга кантип өттүңүз эле?

— Биздин ЖРТ сымал тест тапшырылат. Лицейде ошол экзаменге даярдашчу, андыктан кыйынчылык деле болгон эмес. Кудай жалгап, Түркияда билим алуу акысыз болду. Жол кире, жатакана, ал түгүл тамак-аш да акысыз. Ал жакта мен экономиканы өздөштүрдүм.

— Түркиядагы турмуштун кандай өзгөчөлүгүн белгилер элеңиз?

— Алар бизге караганда алда канча саясатташкан. Калкы өтө мекенчил келет. Мен барган тушта Режеп Тайип Эрдоган бийликке келип калган. Жыйынтыгын тез берген көптөгөн реформаларды жүргүздү. Элдин турмушу кыйла өнүккөн. Ошону менен бирге эле бизде эл сабаттуу деп белгилээр элем, кантсе да ошол кезде ошондой болчу. Түркия абдан чоң өлкө, 82 миллиондон ашуун калкы бар. Баарын тегиз сабаттуу кылуу кыйын. Мисал келтирейин, алар Кыргызстан деген мамлекет бар экенин жакшы билишет. Бизди түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү, тамырлаш эл деп санашат. Бирок картадан биздин өлкөнү көрсөтө алчусу аз.

— Бизде окуудан чыгып калбаш үчүн "аябай аракет" кылуу зарыл, айрыкча, контракт төлөп окусаң, университет каражаттан ажырагысы келбейт. Түркияда кандай бул жагы?

— Ал жакта экзамен тапшырыш өтө кыйын. Студентти окуудан чыгарып жибериштен эч ким чочулабайт. Анткени окуу жайлар мамлекет тарабынан каржыланат. Алардын негизги милдети — жакшы билим берүү. Коррупцияга жол берилбейт, билишимче, Кыргызстанда бул көрүнүш жок эмес.

Кычырап кийинген кыз келди, оозунун ичи адам карагыс. Тиш доктурдун маеги

— Түркияда өткөргөн жети жыл ичинде туристтер менен иштешипсиз. Кыргызстанда да чет жактан туристтерди тартууга болушунча тырышып келишет. Сиздин оюңузча, бул жаатта бизге эмне жетишсиздик кылат?

— Эң негизгиси — адам фактору. Түрктөр өз өлкөсүндөгү бир турист сапары боюнча ондогон кишиге баяндап берерин эң сонун билет. Кыргызстандагылар да сырттан келген киши көңүлү ток узап кетишине кызыкдар болушу керек. Ар бир саякатчынын аркасынан туристтер келерин түшүнүү абзел.

— Түркия медицинасы менен да кеңири таанылган. Кыргызстандыктардын бир тобу оор дарттардан арылуу үчүн ошол жакка сапар алышат. Буга кантип жетишкенинен кабарыңыз барбы?

— Түрк медицинасы дайым эле азыркыдай өнүккөн эмес. Олуттуу реформалардан кийин жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Мурда бейтаптар узун кезек күтүшчү, бирок бийлик аны жөнгө салып, жаңы жайларды, медициналык борборлорду куруп, ооруканалардын жүгүн бөлүштүрө алды.

Балким түрк ишкерлери да кадимки туризм ансыз да өнүккөнүн түшүнүп, медициналык туризмди өнүктүрүүнү чечишкен чыгар. Бул жагдай мага мындай нукта көрүнөт: Түркияда жакшы жабдылган ири медициналык борборлорду, ал эми бөлөк өлкөлөрдө текшерүүдөн өткөрүүчү филиалдарды ачышат. Эгер оор илдет аныкталса, бейтапты ал жактан Түркияга жөнөтүшөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековНурлан Мирзаматов: Түрк кыздарга үйлөнүп, биротоло калып калган көп балдарды билем. Менимче, кыздарга чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып, жаңы чөйрөгө көнүп кетиш кыйла жеңил окшойт.
Балдар видеороликтери менен укмуштай акча тапчубуз. Дасыккан ютубердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Мирзаматов: Түрк кыздарга үйлөнүп, биротоло калып калган көп балдарды билем. Менимче, кыздарга чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып, жаңы чөйрөгө көнүп кетиш кыйла жеңил окшойт.

— Окуу жайды аяктагандан кийин иш табыш оңой эле болдубу?

— Университетте окуп жүргөндө эле котормочу болуп акча таба баштагам. Түркияда жумуш жетишерлик, айрыкча, кеминде эки, кээде үч-төрт тил билген чет өлкөлүк студенттер үчүн иш көп. Маяна 700 доллардан өйдө.

Биздин балдар жакшы орундарда: сатуу тармагында, экспорт боюнча адистиктерде иштешкен. Логистикалык компанияга өзүм эле ишке орношком.

— Түрк кызга баш кошууну ойлонгон жок белеңиз?

— Группалаштарым менен сүйлөшчүмүн, бирок олуттуу мамиле жок эле. Ал жактан үйлөнүп, жашап калуу оюма да келген эмес. Анткени мамиле жаатында менталитетибиз таптакыр эки башка, Кыргызстан — башынан светтик өлкө.

Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги

Түрк кыздарга үйлөнүп, биротоло калып калган көп балдарды билем. Менимче, кыздарга чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып, жаңы чөйрөгө көнүп кетиш кыйла жеңил окшойт.

— Эмнеге Кыргызстанга кайтууну чечтиңиз?

— Башынан эле Кыргызстанда жашаарымды билгем, бирок кайтуу үчүн бир аз акча топтоп алгым келчү. Албетте, Түркияда мен үчүн кызыктуу варианттар арбын эле, мага түрк жарандыгын да сунушташкан. Бирок 2012-жылы Бишкекке кайттым.

— Видеоролик тартууга кантип аралашып калдыңыз?

— Түркияда телевидениеге кызыгып калдым, түркиялык музыкалык каналды түзүүгө катыштым. 2010-жылга жакын тасма тартуу алда канча жеңилдеп калган, анткени жаңы камера-күзгүлөр пайда болуп калган убак эле. Баасы деле кымбат эмес болчу, бирок абдан жакшы тартчу. Ушул жааттагы курстарга барып жүрдүм.

Андан кийин режиссура боюнча окуусун аяктап жаткан жигит менен тааныштым. Бирге тасма тартууну чечтик. Ошол маалда акчам бар эле, техника сатып алдым, атайын жай ижараладым. Тасма тартууну өздөштүрө баштадым. Үлпөт тойлордо жакшы табууга болот экен да.

Адамдар артымдан күбүрөнүп калышчу. Бишкектик ишкер кыздын баяны

Кийин кыска метраждуу тасмаларга өттүк, алардын бирөө фестивалда байгеге ээ болду. Ошентип, алгачкы толук метраждуу тасмабызды тартуу үчүн демөөрчүлөрдү кызыктыра алдык. Биздин бюджет 10 миң доллар эле. Сюжети боюнча кыз-жигит чоң ата-чоң апа менен рухун алмаштырышат. Дебют ийгиликтүү өттү, анан экинчиси, кийинкиси...

— Кыргызстанда каржылык жагынан тасма тартуу анчалык кирешелүү эмес го. Кандай дейсиз?

— Бизде тасма тартуу 2008-жылы күч алды. Кыргызстандык рынокто тасмалар көбөйдү. Биринчилерден болуп муну туя билгендер жакшы каражат таба алышкан. Кийин көрүүчүлөр да тандай башташты. Анткен менен дурус тасма тартсаңыз, жарытарлык каражат таба аласыз. Мисалы, "Бишкек, мен сени сүйөм" жана "Салам, New York" фильмдери коммерциялык жактан кыйла ийгиликтүү болгон. Алардын артынан "Биртууганчик" чыкты, өзүн 10 эседен көп актай алган.

Кинематография жаатында Кыргызстандын келечеги кең. Сash rebate дегенди эшиттиңиз беле? Мисалы, сиз Түркияда эс алып жүрүп, бир нерселерди сатып аласыз. Чыгып баратканыңызда кайра салыктын бир бөлүгү сизге кайтарылат.

Айрым өлкөлөрдө бул практика киноиндустрияда да пайдаланылат. Маселен, "Шакектердин лорду" (The Lord of the Rings) Жаңы Зеландияда кооз табияты үчүн гана тартылган эмес. Мындай тасмалардын бюджети чоң. Тасма тартылган мамлекеттер салыктын бир бөлүгүн кайтарып берет. Бул абдан таасирдүү фактор. Биз деле бул жобону киргизсек болот! Кыргызстандын да жаратылышы кооз, тасма тартууга мыкты жер.

© Sputnik / Табылды КадырбековНурлан Мирзаматов: YouTube кызматындагы ыңгайлуу нерсе — демөөрчү издеп чуркабайсың. Эгер тасмага көрүүчү тартып, көрүүчүнү кызыктыра алсаң, жарнама берүүчүлөрдү сага YouTube өзү таап берип, өзү акы төлөйт.
Балдар видеороликтери менен укмуштай акча тапчубуз. Дасыккан ютубердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Мирзаматов: YouTube кызматындагы ыңгайлуу нерсе — демөөрчү издеп чуркабайсың. Эгер тасмага көрүүчү тартып, көрүүчүнү кызыктыра алсаң, жарнама берүүчүлөрдү сага YouTube өзү таап берип, өзү акы төлөйт.

— YouTube үчүн балдар роликтерин тартууга кандайча киришип калдыңыз?

— Командабыз түзүлүп калган. Бир жыл эки ай дегенде роликтерди чыгара баштадык, алар үчүн эч кандай акча алган жокпуз. Башка долбоорлордун эсебинен жашадык, ар кыл компанияларга ролик тарттык.

Акырындап YouTube маселелеринде тажрыйбабыз арта баштады. Бир убакта иш жүрүшкөндөй эле болгон. Ошондо балдар сегментинде "Жапайы Батыштын доору" сүрүп турган эле. Андай роликтер азыраак болгону менен талап укмуштай күч болчу. Көрүүчүлөрдүн саны да өстү, бир эле мультфильм 380 миллион ирет көрүлгөн.

— Ошол "Жапайы Батыштын доорунда" балдар сегментинде канча таптыңыз?

— YouTube кызматындагы ыңгайлуу нерсе — демөөрчү издеп чуркабайсың. Эгер тасмага көрүүчү тартып, көрүүчүнү кызыктыра алсаң, жарнама берүүчүлөрдү сага YouTube өзү таап берип, өзү акы төлөйт. Мурда биз көп тапчубуз, командабыз айына 18-20 миң долларга дейре киреше көрчү. Быйыл январдан тарта биздин кирешебиз 8-10 эсеге түштү.

Абдан кирешелүү! Ич кийим сатуудан ишкерликке жеткен Гулинанын баяны

Андай ири акча эми жок. Эгер мурда тасма миллион ирет көрүлсө, анда 300-600 доллар, кээде 800 доллардан өлкө жана роликтин узундугуна жараша төлөнчү. Азыр миллион жолу көрүлгөн видеого 2-120 доллардан берилет.

— Билишимче, YouTube — акча табууга туруксуз иш. Каалаган убакта каналың бөгөттөлүп же тыюу салынып калышы ыктымал.

— Ооба, биздин каналдарыбызды да бөгөттөшкөн! YouTube кызматында бардык эрежелер так жазылганы менен бул бир топ диктатордук компания. Эгер робот эреже буздуң деп эсептесе, сага жаза берилиши ыктымал. Ошону менен бирге эле андай чечимге даттануу абдан татаал.

— Сиздин бир нече алтын жана күмүш YouTube кнопкаларыңыз бар экен. Кандайдыр бонус береби?

— Жок, бул жөн гана кадырлуу болуп саналат. YouTube сенин байкалганыңды билдирип, жогорку жетишкендигиң үчүн куттук гана айтат.

— Кнопкаларга акча төлөнөрү чынбы?

— Жок, акча берилбейт. Бул эл ичине тарап кеткен жаңылыш пикир.

— Кыргызстанда алгач ирет YouTube-сериал тартып жатканыңыздан кабардарбыз. Ошол туурасында кеп салсаңыз.

— Ушул айда чыгат. Анда биз азыркы кырдаалдан, пандемия, ыктыярчылардын аракетинен кеп салгыбыз келет.

— YouTube каналында жакында эмне популярдуу болушу мүмкүн?

— Чынын айтканда, бул миллионго татырлык собол. 2008-жылдагы каатчылыкты жоромолдогон америкалык жазуучу Нассим Талеб "кара куу" деген терминди киргизген. Бул божомолдоого мүмкүн болбогон, анализ менен жоромолдон кыйла айырмалана турган кандайдыр бир окуяларды мүнөздөгөн түшүнүк. Ушул тапта YouTube тренддерин болжоп болбойт. Балким аны алдын ала көрө билгендер миллионерге айланар.

Жаңылыктар түрмөгү
0