https://sputnik.kg/20200811/boronov-covid-19dun-ehkinchi-tolkununa-dayardyktar-1049295175.html
Боронов COVID-19дун экинчи толкунуна даярдыктар тууралуу айтып берди
Боронов COVID-19дун экинчи толкунуна даярдыктар тууралуу айтып берди
Sputnik Кыргызстан
1-октябрга чейин саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармек, жеке коргонуучу каражат, дезинфекция каражаттары жана антисептиктердин үч айлык бөксөрбөс запасын... 11.08.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-08-11T16:39+0600
2020-08-11T16:39+0600
2021-12-15T22:42+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/08/0b/1049294474_0:194:3278:2048_1920x0_80_0_0_ca0256c901bc78d6ce56f3e1b6a9beef.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/08/0b/1049294474_0:0:3258:2048_1920x0_80_0_0_549f6675d882d7e26edbe89a5c1eafd1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кубатбек боронов, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кубатбек боронов, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Боронов COVID-19дун экинчи толкунуна даярдыктар тууралуу айтып берди
16:39 11.08.2020 (Жаңыртылды: 22:42 15.12.2021) 1-октябрга чейин саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармек, жеке коргонуучу каражат, дезинфекция каражаттары жана антисептиктердин үч айлык бөксөрбөс запасын камдоо пландаштырылууда.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Эпидемиянын болжолдонуп жаткан экинчи толкунуна карата дары-дармектердин стратегиялык запасын түзүү үчүн Материалдык резервдер фондуна республикалык бюджеттен каражат каралып жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.
"15 миң бейтапка бир нече позициядан турган дарылардын муктаждыгын камсыздоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. 1-октябрга чейин саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармек, жеке коргонуучу каражат, дезинфекция каражаттары жана антисептиктердин үч айлык бөксөрбөс запасын камдоо пландаштырылууда", — деди Боронов.
Боронов: вирустан айыккандардын ден соолугун калыбына келтирүү колго алынат
Дагы кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатат:
- сезондук гриппке каршы алдын алуучу вакциналарды сатып алууга республикалык бюджеттен 200 миллион сом бөлүндү;
- медицина кызматкерлерин реабилитациялоо, колдоо иштери уюштурулуп жатат. Президенттин тапшырмасы менен Ысык-Көлдөгү пансионаттарда 130 медик эс алып келди, учурда 170 медик эс алууда;
- медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр өз убагында төлөнүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин 807 миллион сом жумшалды. Анын ичинен июлда маянага кошумча төлөм 424 миллион сомду түздү. Ал республикалык бюджеттен берилди;
- медицина адистерин кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кыска курстардан окутуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.