Сабырбек Жумабеков: ырчы Асел Кадырбекованын абалы жакшырып, үйүнө чыккан

© Фото / Нурмухаммед СариевЫрчы Асел Кадырбекова. Архив
Ырчы Асел Кадырбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы Кадырбекованын ооруканадан чыгарылганы тууралуу кечээ-бүгүн айтылып баштады. Дарыгер Жумабеков бейтаптын үйүнө жиберилгенине бир жумадан ашканын билдирди.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгынан жаракат алгандан кийин абалы жакшырып, үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Белгилей кетсек, ырчынын ооруканадан чыгарылганы тууралуу кечээтен тарта айтылып баштады. Жумабековдун айтымында, бейтаптын үйүнө жиберилгенине бир жумадан ашты.

Талас башчысынын "кеңешчиси" сүзгөн велосипедчи көз жумду. Мураталиев үн катты

"Күйөөсү ооруканадан чыгарып кеткенине он күндөй болуп калды. Акырегине операция жасалган. Өзү басып, тамак ичип, сүйлөп, абалы алда канча жакшырып калган. Учурда ден соолугун калыбына келтирүү процесси болуп жатат", — деди Жумабеков.

Эске сала кетсек, 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган. Анын баш мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып реанимацияга түшкөн

Ал эми Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0