Кыргызстанга Россиянын кезектеги гуманитардык жардамы келип түштү. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын ӨКМ кызматынын учагы. Архив
Россиянын ӨКМ кызматынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган гуманитардык жардам бүгүн кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" өткөрмө посту аркылуу Кыргызстанга киргизилген.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Россия Кыргызстанга жалпы суммасы 50 миллион рублден ашык суммага кезектеги гуманитардык жардамын көрсөттү. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

"2-августта Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы расмий сүйлөшүүнүн натыйжасында Чеченстан тарабынан жалпы суммасы 51 млн 41 миң 917 рублге барабар болгон кайтарымсыз жардам жиберилди", - деп айтылган маалыматта.

Аталган гуманитардык жардам бүгүн кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" өткөрмө посту аркылуу Кыргызстанга киргизилген. Тийиштүү иш-чаралардан кийин Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлмөкчү.

Россиялык медиктердин Кыргызстанга жардамы. Реанимациядан тартылган видео

Россиянын "Фармстандарт" ачык акционердик коому Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары төмөнкүлөрдү берген.

  • 24 100 даана коргоочу комбинезондор;
  • 24 729 даана үч кабаттуу бет кап;
  • 5 248 даана полимердик материалдан жасалган көз айнек;
  • 10 649 даана бет калкандар жана башка медицина тармагына муктаж болгон каражаттар.

Россия Кыргызстанга COVID менен күрөшүүгө кандай жардамдарды көрсөткөнү айтылды

Кыргызстандагы коронавируска каршы коңшу мамлекеттердин ичинен Россиядан адистер жана дары-дармек, медициналык жабдуулар боюнча арбын жардам көрсөтүлүүдө. Учурда Кыргызстандын аймактарында россиялык дарыгерлер коронавируска каршы жергиликтүү медиктер менен бирге иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0