Мэрия: стационарларга кайрылгандардын саны кыйла азайды

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги күндүзгү стационарда бейтапты карап жаткан дарыгер
Бишкектеги күндүзгү стационарда бейтапты карап жаткан дарыгер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада учурда 13 күндүзгү стационар иштеп жатат. Алар бейтаптарды эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин кабыл алууда.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкектеги күндүзгү стационарларга кайрылгандардын саны кыйла азайды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 21-июлда күндүзгү стационарларга 3286 адам барса, түнкү стационарларга 590 киши кайрылган.

"20-июлга чейин дарыгерлер 62 миң 326 адамды көрсө, анын ичинен 15 миң 786сына кеп-кеңеш беришкен. 46 миң 209 бейтап асма укол алып, 322си ооруканага жаткырылган. Ишкерлердин жардамы менен стационарларга кычкылтек концентраторлору коюлуп, бардык медициналык жабдуу менен камсыз болушту", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн Кыргызстанда 1 108 адам коронавирус жуктуруп алды

Эске салсак, борбор калаада учурда 13 күндүзгү стационар иштеп жатат. Алар бейтаптарды эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин кабыл алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0