БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстанда кечээтен бери коронавирустан 984 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.
Анын айтымында, айыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында, Ысык-Көл менен Жалал-Абад облустарында.
- Бишкек — 343;
- Чүй облусу — 62;
- Ош облусу — 65;
- Талас облусу — 71;
- Нарын облусу — 70;
- Ысык-Көл облусу — 134;
- Жалал-Абад облусу — 147;
- Баткен облусу — 27;
- Ош шаары — 65.
Жалпысынан алганда өлкөдө 15 760 киши коронавирусту жеңди.