БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 521 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
- Бишкек шаары – 273;
- Чүй облусу - 74;
- Ош шаары - 38;
- Ош облусу - 16;
- Жалал-Абад облусу - 43;
- Баткен облусу - 39;
- Ысык-Көл облусу - 30;
- Талас облусу - 8.
Коронавирустан бир күндө 75 адам сакайып чыкты
Ушуну менен республика боюнча илдет илештирип алгандардын саны 12 498ге жетти. Стационарда 682 киши дарыланууда, 16 бейтаптын реанимацияда экени айтылды. Үй карантининде дарыланган 6 017 адамдын 1 897си айыгып чыкты. Ал эми ооруканадан 3 735 киши айыгып чыкса, 167 адам каза болуп калды.